Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:27

Израил өкмөтү 100 палестинди бошотууну колдоду


Израил өкмөтү премьер министр Ариэль Шарондун 100 палестинди абактан бошотуу тууралуу сунушун жекшембидеги жыйынында жактырды. Боштондукка чыгуучулардын арасында «Хамас», «Ислам жихады» уюмдарынын мүчөлөрү да бар. Бул чечим Ариэл Шарондун Америкага сапарынын алдында жасалды. «Жол картасы» тынчтык планын турмушка ашыруу максатында дагы бир нече жүз палестинди абактан бошотууга Израил буга чейин макулдук берген.
Бүгүн Израил аскерлери Рамалла аймагында жолго коюлган тосмолорду ала баштады.

XS
SM
MD
LG