Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:54

Филиппиндеги чатак жөндөлдү


СNN телекомпаниясынын маалымдоосуна караганда, Филиппиндин борбору Манила шаарындагы соода комплесин ээлеп алган куралдуу топ менен өкмөт тараптын сүйлөшүүлөрү ийгиликтүү аяктады. Куралдуу топтун мүчөлөрү соода комплексин айланта койгон миналарын зыянсыздандырууну жана багынып берүүнү баштады. Өлкө борборундагы соода комплексин кечээ күнү 200дөй аскер ээлеп алып, өкмөттү коррупцияга байланыштуу айыптап, президенттин жана коргоо министринин кызматттан кетүүсүн талап кылышкан. Алар бийликти ээлеп алууга ниети жок экенин билдирип, Австралиянын элчиси баш болгон бир нече кишилерди соода комплексинен чыгарып жиберишкен. Филиппиндин президенти Глориа Арройо куралдуу көңтөрүшчүлөрдү колго түшүп берүүгө, ал эми полиция менен армияга керек болсо аларды күч менен кармоого буйрук берген эле.

XS
SM
MD
LG