Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:09

СОВЕТБЕК БАЙГАЗИЕВ: «ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРЫ СТУДЕНТТЕРДИН САНЫН КУУП КЕТИШТИ»


Санарбек Карымшаков, Бишкек Мурдагы Билим берүү институту азыр Кыргыз билим берүү академиясы болуп кайрадан түзүлдү. Ошол жаңы академиянын максаттары жана милдеттери жөнүндө анын вице-президенти, филология илимдеринин доктору, профессор, публицист Советбек Байгазиев биз менен ой бөлүшөт.

- Советбек мырза, Кыргыз билим берүү академиясынын түзүлүшүн шарттаган себептер жөнүндө, анын тутуму, бөлүмдөрү, максаттары тууралуу кеп салсаңыз?

- Коңшу өлкөлөрдө, мурдагы СССРдин курамына кирген өлкөлөрдүн көбүндө Билим берүү академиялары түзүлгөн. Ал академиялардын максаты - мамлекеттеги билим берүүнүн стратегиясын, концепцияларын жана практикалык маселелерин иштеп чыгуу. Мына ушундай билим берүү академиясы биздин өлкөдө да түзүлүшү керек болчу. Ушул себептен улам бир нече институттардын биригишинин негизинде Кыргыз билим берүү академиясы түзүлдү. Биздин академиянын максаты - өлкөнүн орто билим берүүчү мектептериндеги, атайын орто жана жогорку окуу жайларындагы билим берүүнүн башкы багыттарын, стратегиясын, технологиясын иштеп чыгуу. Тагыраак айтканда, мамлекеттик стандартты түзүү, ар бир предмет боюнча, билим берүүнүн багыттары боюнча жаңы типтеги программаларды түзүү. Программалар менен катар окуу китептерин жарыкка чыгаруу, усулдук куралдарды жазуу, жана башка нормативдик документтерди иштеп чыгуу, билим берүүнүн укуктук негиздерин түптөө.

- Дегеле азыр мамлекетибизде билим берүүнүн ал-абалы кандай? Өзүңүз адис катары өлкөнү түрө кыдырып, жер-жерлердеги мектептердин, мугалимдердин абалы менен таанышсыз да. Ошондо сизди түйшөлткөн маселелер болобу?

- Албетте, болот. Азыр Билим берүү жана маданият министрлиги жогорку окуу жайларындагы, мектептердеги билим берүүнүн сапатын көтөрүш үчүн бир топ күч-аракеттерди жумшап жатат. Жогорку окуу жайларындагы кийинки убакта байкалган начар жагдай - булар билимди экинчи планга калтырып, акчанын артынан кууп кетишкен. Мунун бир себеби - мамлекеттик бюджеттен каражаттын аз бөлүнгөндүгү. Ушундан улам жогорку окуу жайлары экономикалык өз алдынчалыкка жетиш үчүн, оор экономикалык абалдан чыгыш үчүн эч кандай тийиштүү материалдык базасы, техникалык базасы, экономикалык камылгасы жок туруп, студенттердин санын кескин көбөйтүп, анан окуунун сапатын төмөндөтүп жиберишти. Ал эми мектепке келе турган болсок, мектепте эң башкы көйгөй - бул мектеп китепканаларынын жардылыгы. Азыркы жаш муундар үчүн ар кандай окуу китептеринин, окуу куралдарынын, энциклопедиянын, сөздүктөрдүн абадай керек болуп турганына карабастан, мектеп китепканасы өтө жарды болуп жатат. Бул өзү билим берүүнүн сапатына өтө тескери таасирин тийгизип жатат.

- Эми нукура өзүңүздүн чыгармачылыгыңызга келсек. Жакында филология илимдеринин докторунун дипломун алдыңыз. «ХХ кылымдагы кыргыз драматургиясы» деген 22 басма табак монографияңыз жарык көрдү. Келечекте окурмандарыңызга тартуулай турган дагы кандай эмгектерди жаратканы турасыз? Публицист катары сизди эмнелер түйшөлтөт?

- Илимий жагынан болсо академияда «Ыйман сабагы» деген жаңы предмет сентябрдан баштап окуп планына кирип жатат. «Ыйман сабагы» - элибиздин руханий нарктарынын, калкыбыздын патриот, кеменгер инсандарынын өрнөктөрүнүн негизинде, элибиздин этнопедогогикалык дөөлөттөрүнүн негизинде жаш муундарды тарбиялоо болуп эсептелет. Мына ушунун окуу китебин жазуу милдети алдыбызда турат. Программасын, концепциясын түзүп чыктык, иштеп атабыз. Анан өзүңүз айткандай, кыргыз драматургиясынын соңку абалын изилдөөнүн үстүндө иштеп жатам. Мындан тышкары, публицист катары коомубуздагы болуп жаткан курч маселелер, көйгөйлөр жөнүндө, демократиянын калыптанышы, коомдогу адеп-ахлактын бузулушу, анын себептери, бүгүнкү күндө жаштарды тарбиялоо маселелери боюнча макалалардын түрмөгүн жазып атам.

- Маегиңиз үчүн чоң рахмат.
XS
SM
MD
LG