Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:40

Нарын облусунда кийиз басуу боюнча эларалык симпозиум өтүүдө


НАРЫН. Нарын облустук администрациясынын башкы адиси Орозакунова «Азаттыкка» буларды маалымдады: «Булардын максаты биздин жергебизде бир жумалык мөөнөттө кийиз жасоону үйрөнүү. Алар өзүнүн тажрыйбасын биздин аялдарга үйрөтөт. 28-29-июлда Атбашы районунда 30-31-июлда Кочкор жергесинде симпозиум ишин аяктайт». Атбашы районунда симпозиумдун катышуучулары жүн кыркылгандан баштап, кийиз даяр болгонго чейинки ишке катышат. Симпозиумду Бишкектеги Борбордук Азия кол өнөрчүлөр ассоциациясы уюштурган. Алардын айтуусуна караганда, эң сапаттуу кийиздерди Нарындын уздары жасашып, кийизди бойоодо пияздын кабыгы, ышкын түптөрү сыяктуу табигый чөптөрдөн жасалган боёктор пайдаланылат. Мындай симпозиумду эки жылда бир жолу Нарын облусунда өткөрүп туруу пландаштырылды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG