Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:56

АКШ грантын жеңүүчүлөр алышты


БИШКЕК. 28-июлда «Дени сак жамааттар» программасынын алкагында Кыргызстандагы 17 бейөкмөт уюмга грант ыйгарылды. Гранттарды АКШ өкмөтү ЮСАИД уюму аркылуу саламаттык сактоо тармагына байланыштырылган мыкты долбоорлорго берди. Долбоорлор эки багытка бөлүнүп, алардын ар бири 5 миң доллардан ашпаган каражатты камтыйт. Алардын биринчисине - фельдшердик-акушердик пункттарды ремонттоо, айылдардын санитардык абалын оңдоо, таза суу менен камсыздоо өңдүү багыттарга 322, ал эми жугушту илдеттерге, баңгичиликке, аракечтикке каршы күрөшкө, майып балдардын энелерине, медициналык биринчи жардамга байланыштуу 266 долбоор тапшырылды. Жеңүүчүлөрдү жарыялаган жыйын «Акипресс» агенттигинде өттү.

XS
SM
MD
LG