Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:52

БАҢГИЛИКТИН СОРМО САЗЫНДАГЫЛАР


Кожогелди Култегин, Ош Баңгичилердин башынан кечирген азап-тозоктору, методон менен дарылоо усулунун аларга тийгизген азыноолак оң таасири тууралуу алардын өздөрү айтып берет.

Бул жагдайда наркомандардын өз оозу менен айткан сөздөр угармандарыбызга таасирлүү болоорун эске алып, аларга өз-өзүнчө микрофон сундук. Эскерте кетчү жагдай наркомандардын аттары алардын өтүнүчү боюнча өзгөртүлүп берилди. Анда сөзгө өтсөк.

- Рустам, сен Ош шаарынын кайсы районунун тургунусуң, кантип баңгичилик илдетине чалдыгып калдың?

- Мен Ош шаарында чоңойгомун, Панфилов атындагы мектепте окугам. Орусияда иштеп келип балдарга кошулдум, жакшы балдар баштабайт. Акчанын баары героинге кетти. 1997-жылы героинге өткөм. Акча түгөнгөндө кылмышка кириштим. Бирөөнү тоноп, уруп, акча алууга киришип кеткем.

- Баңгизат кабыл алганга чейин үйлөндүң беле?

- Жок үйлөнө элекмин. Буга дейре ойдо жок эле. Ойдо бир гана героин эле. Бир пакети 50 сом, граммы 250 сом эле. Ошону алууга подвалдарга, гараждарга, дүкөндөргө уруулукка кирчүбүз. Адамдардын машинасын, магнитафонун уурдайт элек, үйлөрдү тонойт элек. 100 миңден ашык акчаны жок кылганбыз. Өзүмдүн үйүмдү саткам.

- Ата-энең башка турчу беле?

- Ооба, башка турчу. Орусияда иштеп келип үй, машина алган элем. Бардыгы ошонун аркасынан кеткен.

- Рустам, баңгичилерди баңгизат менен кээде милициялар өздөрү камсыздап турат деген да сөздөр бар?

- Милициялар «барыгаларга» алып берет, алар сатат. Өздөрү героин сатып, өздөрү кармашат. Булардан акчасын алышат, акчасы жогун камап таштайт.

- Сен бойдок кезиңде наркозат кабыл алган экенсиң, аялдарды эңсечү белең?

- Аялың болгон учурда дагы ал менен жатпай эле чыгып кетет. Героин аял, тамак, үй болуп калат наркоман адамга.

Андан кийинки суроолорубуз кучагында 2-3 айлык баласы бар жаш келинге узатылды.

- Айгүл сен канча жаштасың азыр?

- 19 жаштамын. Баңги чеге баштаганыма 5 жылга кетип атат.

- Кандай шартта аралашып кеттиң бул балакетке?

- Шаарга коммерция кылып келип, бул жерде кыздар менен таанышып, достошуп кеттим. Биринчи кызыгып чегип көрдүк, бара-бара сайынып баштадык.

- Айрыкча аялдар топтошуп алып кабыл алат дейт го наркозатты?
- Ооба, биз алтообуз болчубуз. Экөө өлдү, бирөө түрмөдө, бирөө эрге тийип кетти.

- Бул наркодиспансерге дарыланууга келгениңе көп болдубу?

- Беш ай болуп атат. Бул медицина ачылыптыр ушул жерге келдик.

- Чыныгы наркоманга жетишерлик баңгизат сатып алуу үчүн бир күндө канча акча керек болот?

- Күнүнө 500-600 сом пул керек. Акча болуп калат, болбой калат. Өзүңдү сатууга туура келет, акча үчүн.

- Кучагыңда балаң бар турбайбы, турмушка чыктың беле?

- Турмушка чыккан эмесмин, жигитим бар болчу...

- Ал жигитиң азыр катташабы?

- Үйбүлөөлүү ал. Азыр келбейт.

- Кантип тирилик өткөрүп атасың, бала менен иштей албасаң?

- Азыр сайынбай атам, мага акча деле керек эмес. Ата-энем багып турубатат.

- Айгүл, баңгизат сайынып жүргөнүңдө боюңа бүтүп калыптыр да бул бала?

- Биринчи корктум мен, боюмда болуп калды, абортко кеч болуп калды.

Андан кийинки маектешибиз Камилге суроо салалык.

- Биринчи баңгизат алып жүргөнүңдү байкаганда ата-энелериң кандай реакция кылды?
- Биринчи билгенде дароо больницага алып келишти. Бул жерде 10 күн жаттым. Больницада жаткан маалымда баңгизат ташып берип турушту. Буларды 2-3 ай алдап жүрдүм, дарыланбастан.

- Камил, баңгизаттын кайфы кандай өзү, сүрөттөй аласыңбы? Арактыкынан башкача болсо керек?

- Бирөөгө катуу сүйлөбөйсүң. Тегиз жакшы жүрөсүң. Арак ичкенде тополоң кыласың, бул спокойный кайф.

- Качан үйлөнгөнсүң сен?

- 1993-жылы үйлөнгөм. 1994-жылы балалуу болдум, 1995-жылы дагы бир балалуу болдум. Кичүү кызым бар. 4 жыл наркотик сайынып жүрдүм. 1998-жылы аялым менен ажырашып кеттим.

- Баңгизат таппай калганда аябай кыйналчу белең?

- Таппай калганда кыйналып, веналарды (кантамырды) кескен күндөр болгон.

- Сенин наркоман досторуңдун каза болгондору барбы?

- 15 досум өлүп кетишти, кыйналып передозировкадан өлдү.

Биз менен сүйлөшкөн баңгичилердин өзгөчө шайыр-шаты Сукпат.

- Сукпат, сен айтсаң, азыр колунда 2 миң сом акчасы бар баңгичи, ошол акчасын бир нече күнгө сактап жетиштире алабы?

- Колубузда 2 миң, 3 миң сом акча болсо да героин алып, бир күндүк кайфка коротот. Эртеңки күндү ойлош жок.

- Акча табылбай калган күндө кандай кылмыштарды жасадың?
- Уурулук кыласың да, эмне кыласың. Аны алдайсың, муну алдайсың. Алдап качасың.

- Олтуруп чыккансыңбы сен дагы?

- Камалдым, милицияга түштүм.

- Канча жаттың?

- Үч жолу соттон үйдөгүлөр куткарып алды.

Андан кийин биз Ош облустук наркологиялык диспансердин башкы дарыгери Мамасабыр Бурхановду сөзгө тарттык.

- Мамасабыр Мамасадыкович, дарыланып жаткан баңгичилердин минтип адам кейпине келтирген методон менен дарылоо усулуна токтосоңуз адегенде.

- Бул орун алмаштыруу. Мисалы героин, апийим өтө зыян келтире турган баңгизат болсо, бул атайын даярдалган, закондуу бериле турган баңгизат болуп эсептелет. Мунун зыяндуулугу аз.

- Ушул методон менен дарылангандардын арасында СПИД илдетин пайда кылчу, вич инфекциясын жуктургандар да бар экен деген маалыматты уктум.

- Ошолордун ичинде вич инфекцияга чалдыккандар да бар. Бирок шприц колдонбойт биздин методика менен дарыланганда. Ошондуктан башка адамдарга коркунуч туудурбайт.
XS
SM
MD
LG