Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:27

ФИЛИППИН: ТӨҢКӨРҮШ АРАКЕТИ МАЙНАПСЫЗ АЯКТАДЫ


Филиппин өкмөтү жекшемби күнкү майнапсыз аяктаган аскерий төңкөрүш аракетине саясий колдоо көрсөткөндөр жазага тартылат деп жарыялады. Дүйшөмбүдө өлкөнүн полициясы мурдагы президент Жозеф Эстраданын жардамчысы Рамон Карденас төңкөрүшкө тиешеси бар деген шек менен кармалганын билдирди.

22 саатка созулган тирешүү сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында кан төгүүсүз аяктады. 300 чакты жоокер Макати соода борборунан чыгып, казармаларына кайтып баруу тууралуу буйрукка баш ийишти.
Президент Глория Арройо жекшемби күнү кечинде улуттук сыналгы аркылуу чыгып сүйлөп, төңкөрүш аяктады деп жамы журтка жарыялады.

- Макати кризиси соңуна чыкты. 296 аскер, алардын ичинде 70 офицер, багынып берип, казармаларына кайтышууда. Тергөө жүргүзүлүп, алардын иши аскердик жоболорго ылайык каралат. Бул ишке тиешеси бар аскерий эмес адамдар соттолушат.

Жекшембинин таңында Филиппиндин баш калаасы Маниланын ортосундагы соода борбору менен чет өлкөлүктөр турган турак жайлар комплексин бир ууч аскер ээлеп алышкан. Алар айланасына жардыргыч заттарды жыйып коюшкан. Өкмөттүк армиянын курчоосунда калган төңкөрүшчүлөр президент Глория Арройонун кызматтан кетүүсүн талап кылышты. Алардын айтымында, Филиппиндин коррупцияга белчесинен баткан азыркы бийлиги, террорчуларды каржылап жатат.

Арасында 50дөй тандалма колбашчылар жана жардыруу боюнча адистери бар көтөрүлүшчүлөр президент Арройо улуттук сыналгы аркылуу чыгып сүйлөп, аскерлер анын администрациясына каршы төңкөрүш жасоого аракеттенип жатышат дегенден көп өтпөй эле Макати соода борборундагы иш-чарасын башташкан.

Төңкөрүшчүлөрдүн жетекчиси лейтенант Антонио Трилланес: “Биз эч кимге залал тийгизгибиз келбейт. Бомбаларды өзүбүздү коргош үчүн гана койдук”, - деди. Мурдаарак курчоого алынган үйлөрдүн тургундарын эвакуациялоого уруксат берилээри жарыяланган.
Кабар агенттиктеринин маалымдашынча, төңкөрүшчүлөр өздөрүн “Магдало тобу” деп аташты. Бул аталыш испан оторчуларына каршы күрөшкөн филиппиндик ыңклапчылардын атына үндөш экени да белгиленүүдө.

Аскерлер АБС-СБН каналдарына жасаган билдирүүсүндө өкмөттүн таркашын жана “улуттук кайра жаралуу программасын” киргизүүнү талап кылышты. Ал эмне долбоор экенинин чоо-жайы кошумча айтылган жок.

АКШ дароо президент Арройого колдоо көрсөтөөрүн жана төңкөрүш ишке ашса, ал эки тараптуу мамилелерге терс залакасын тийгизээрин жарыялады.

Майнапсыз аяктаган бул көтөрүлүш Филиппинде акыркы 17 жыл ичинде орун алган сегизинчи аракет болуп калды. Ал 1989-жылы бир аптага созулган кандуу төңкөрүш аркетинен кийин биринчи жолу кайталанып отурат. Филиппиндин Таиланд жана Түштүк Корея өңдүү коңшулары өз кезинде улам кайталанган аскерий төңкөрүш тилкесинен өтүшкөн эле. Демократия менен экономиканы реформалоого багыт алынган соң, ал мамлекеттердеги көтөрүлүштөр токтоп калган. Манилалык саясий аналитик Алекс Магно Ажанс Франс Пресске айткандай: “Биз да ошол баскычтан өттүк деп ойлодук эле. Бирок башкача болуп чыкты”.

Көпчүлүк байкоочулар Арройо айым президент Корасон Акинонун кейпин кийип калбасын деген чочулоосун айтышууда. Акино башкарган 1986-92-жылдары өлкөдө төңкөрүш аракеттеринин толкуну болуп өткөн.

Дүйшөмбүдө Филиппиндин ички иштер министри Хосе Лина оппозициядагы сенатор Грегорио Хонасан да соңку окуяга байланыштуу жоопко тартылаарын билдирди. “Анын тиешеси бар экени анык. Биз кошумча далил топтоп жатабыз. Сенатор Хонасанга көтөрүлүшкө тиешеси бар деген доо тагылат”, - деди министр жергиликтүү радиодон. Анын айтымында, алгачкы иликтөөлөр көрсөткөндөй, төңкөрүшчүлөр карапайым элди имаратка чогултуп, президенттин кызматтан чегинүүсүн талап кылган ири көтөрүлүш уюштурууну көздөшкөн. “Аталган 296 жоокер өз алдынча аракеттенишкен жок. Бул жерде саясий өңүт бар экени айдан ачык. Анткени алар президент Глория Арройонун кызматынан кетүүсүн талап кылышты”, - деди ички иштер министри Лина.

Бул жаңжал Филиппин өкмөтүнүн беделине гана эмес, өлкөнүн экономикасына да чоң залака тийгизээри анык. Аналитиктердин айтымында, дүйшөмбүдө улуттук валюта - песонун наркы бир аз төмөндөгөнү байкалды. Анын үстүнө, тышкы инвесторлор турсун, жергиликтүү ишкерлер төңкөрүш кайталанып, саясий туруксуздукка туш келип калбайлы деп чочулап калышты.
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG