Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:55

Филиппинде ишке ашпай калган козголоңдун активдүү уюштуруучуларынын бири деп шектелген адам камалды


Филиппиндин мурдагы президенти Жозеф Эстраданын жардамчысы Рамон Карденасты камоо учурунда анын үйүнөн курал, ок-дары жана козголоңдун катышуучулары колунда тагынып жүргөндөй кызыл орогучтар табылган. Ушул ишемби күнү 300дөй аскер кызматчысы Маниланын ири коммерциялык борборун ээлеп алышып, азыркы президент Глория Арройонун отставкасын талап кылышкан эле. Шаарга аскерлер жана бронетехника киргизилген. Козголоңчулар 20 сааттан ашуун убакыт жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдөн соң кечээ багынып беришти. Алардын ишин эми аскердик трибунал карайт.

XS
SM
MD
LG