Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:16

АКШ Кытайды Түндүк Корея кризисин жөндөөдө БУУнун жандуу аралашуусун колдоого чакырды


АКШ мамлекеттик катчысынын орун басары Жон Болтондун айтымында, ал бул маселени Пекинде кытай бийликтери менен өткөргөн сүйлөшүүлөрүндө талкуулады. Ж.Болтон ошондой эле Кытай Түндүк Кореяны көп тараптуу сүйлөшүүлөргө кошулууга мажбурлоодо активдүү роль ойноп жатканын кубаттады. АКШ мамлекеттик катчысынын орун басары белгилегендей, Вашингтон Түндүк Кореянын өзөктүк курал программасына байланышкан кризисти тынчтык жол менен гана чечүүнү көздөйт. Азыркы кризис өткөн жылдын октябрь айында тутанып, анда АКШ Түндүк Кореяны 1994-жылкы келишимди бузуп, өзөктүк курал пргораммасын өнүктүрүп жатканы үчүн айыптаган. АКШ кризисти жөндөө үчүн көп тараптуу сүйлөшүүлөр өтүүсүн көздөөдө, ал эми Түндүк Корея болсо АКШ менен гана бетме-бет сүйлөшүүнү талап кылып жүрөт.

XS
SM
MD
LG