Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:10

Иракта америкалык аскерлерге кол салуу уланууда


Бүгүн Багдадда америкалык аскерлердин автоунаасына граната ыргытылганда бир жоокер каза таап, үчөөсү жаракат алды. Ушуну менен Иракта ири аскерий операциялар аяктады деп жарыяланган 1-майдан бери курман болгон америкалык аскерлердин саны 50гө жетти. АКШ куралдуу күчтөрүндөгү штаб башчылардын бириккен комитетинин төрагасы, генерал Ричард Майерс жогорудагыдай кол салуулардын артында Ирактын бийликтен кулатылган президенти Саддам Хусейн турат деп эсептебейт. Ал Багдадда болгон учурунда кабарчыларга буларды айтты:

- Менин көз карашымда, эгер ал тирүү болсо азыр орун алып жаткан окуяларга олуттуу деле таасир көргөзгөн жок. Ал кантип жан сактоо менен гана алектенүүдө. Ал мындай абалдан мурда өткөн жана эмне кылышты билет. Бул - чоң өлкө, бирок биз аны табабыз. Бул - убакыттын иши.

Кечээ АКШ аскерлери Саддам Хусейнди издөө максатында Багдаддын батыш тарабында жүргүзүп, ийгиликсиз аяктаган операция учурунда беш ирактык набыт болгон. Мунун аралыгында Ирактын Башкаруу кеңеши бүгүн өзүнүн төрагасын шайлоо жана министрлерди бекитүү максатында жыйын өткөрүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG