Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:15

Сапар Орозбаков, Бишкек Акыркы 4-5 жыл ичинде Кыргызстанда бир нече банк банкротко кабылып, аларга салынган акчалар күйүп кеткен эле. Улуттук банк коммерциялык банктардын иши коомчулук үчүн ачык болгон эмес, ошондуктан эл билбей, ал банктарга акча сала берген деп эсептейт. Ал быйыл июль айынан тартып коммерциялык банктардан өз отчетторун жана экономикалык көрсөткүчтөрүн милдеттүү түрдө массалык маалымат каражаттарында жарыялоону талап кылып жатат.

Улуттук банктын төрага орунбасары Каныш Шаршекееванын айтуусу боюнча, Улуттук банк өзүнүн июль айындагы токтому менен коммерциялык банктардын финансылык отчетторун жана башка көрсөткүчтөрүн жарыялоонун тартибин бекитти. Мындан ары коммерциялык банктар өздөрүнүн балансын, пайдасы менен чыгымы, акчанын жүгүртүлүшү, капиталдын структурасындагы өзгөрүүлөр тууралуу отчетун, аудитордун бүтүмүн жана экономикалык нормативдерди аткаруу тууралуу маалыматты массалык маалымдоо каражаттарында жарыялап турууга тийиш. Жылдык отчет жыл аяктаган соң 120 күндүн ичинде, кварталдык отчет квартал бүткөндөн кийин 30 күн ичинде эл көп окуган республикалык маанидеги газета, журналдарда мамлекеттик жана расмий тилинде жарыяланууга тийиш. Бул жарыялоонун акырында “кошумча кеңири маалыматты банктан ала аласыңар” деген эскертүү сөзсүз берилип, банктын дареги көрсөтүлөт.

- Коммерциялык банк жакшы иштеп жатабы, жаман иштеп жатабы, нормативдерди кандай аткарып жатат- эл дагы билиш керек. Кызыкдар адам – ал банкка акча салуучу болобу же инвестор болобу же акционер болобу - ошолорду карап, салыштырып, банк жөнүндө өзүнүн көз карашын түзгүдөй болуш керек. Эмне себептен биз мындай кылдык? Биз муну банк жөнүндө кеңири маалымат болсун деп кылдык. Мамлекеттик мекеме катары биз эле көзөмөлдөбөй, эл дагы өзү көзөмөлдөсүн жана жалпы банк системасына элдин ишеними күчөсүн деген максат менен ушундай өзгөртүүлөрдү киргиздик, - деди Каныш Шаршекеева.

Акыркы 4-5 жылда “Инсан”, “Курулуш”, ”Бишкек”, “Акыл” өндүү банктар биринин артынан бири банкрот болду. Улуттук банктын кызматкерлеринин айтымында, бул банктар мурда эле, банкрот болгонго чейин эле начар иштей баштаган. Маалыматтын жетишсиздигинен алардын чыныгы абалын коомчулук билген эмес. Адамдар бул банктарга акча салууну уланта беришкен. Алардын көбү акчасынан ажырап, азыр аны өкмөттөн доолап жүрүшөт.

Коммерциялык банктар Улуттук банктын бул демилгесине каршы эмес. Бирок алардын жетекчилери элдин ал банктарга акча салуу себеби башкада деп эсептешет.

- Банкрот болгон банктар көп параметрлерди сактабагандыгын билип туруп эле, алар убада кылган проценттик ставкага азгырылып, клиенттер ошол банктарга акчаларын алып бара беришкен, - дейт “Толубай” банкынын төрагасы Жеңишбек Байгуттиев.

Анын ою боюнча, банктын балансын, пайда жана чыгымдар тууралуу отчетун жарыялоонун зарыл экенинде эч кандай күмөн жок. Улуттук банк андан тышкары10 жакын нормативдердин аткарылышын элге маалымдоону коммерциялык банктардан талап кылып жатат. Алардын ичинде болсо ашыктары бар.

- Принцибинде нормативдин кандай аткарылышы маанилүү эмес. Биринчи кезекте кайсы нормативдер аткарылбагандыгы маанилүү болуп эсептелет. Бул нормативдердин ичинен мен үчүн жеке тараптардын депозитиндеги акчанын максималдык өлчөмүнө байланыштуу нормативдин киргизилиши түшүнүксүз. Эгерде бул жерде сөз банктын ээлеринин депозити жөнүндө болуп жатса, мында тобокелчилик жок. Жакында банктардын акционерлери кошумча акча саларын эске алганда, мындай нормативдин киргизилиши биздин оюбузча ашыктык кылат, - деди Жеңишбек Байгуттиев.

Коммерциялык банктардын отчетун жарыялоо тууралуу талап быйыл кабыл алынган “Банктардын аудити жөнүндө” мыйзамга жана “Банктар жана банктардын ишмердүүлүгү” деген мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык киргизилүүдө. Мыйзамдын өзүндө банктар кайсы маалыматтарды жарыялоого тийиш экени көрсөтүлгөн эмес. Анын тизмесин Улуттук банк өзү түзгөн.
XS
SM
MD
LG