Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:05

КЫРГЫЗ-КЫТАЙ ЖҮРГҮНЧҮЛӨР КАТТАМЫ ЖӨНҮНДӨ КЕЛИШИМГЕ КОЛ КОЮЛДУ


Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда жүргүнчүлөрдү ташуучу каттамдар быйыл 27-мартта Кочкор районундагы Сарыбулак айылында болгон кырсыктан кийин жана Кытайдан чыккан өпкө кагыны оорусуна байланыштуу 12-майда токтотулган эле. 28-июлда Бишкекте Кытайдын Шинжаң уйгур автоном районунун Транспорт департаменти менен Кыргызстандын Транспорт жана коммуникация министрлигинин өкүлдөрү эки өлкөнүн ортосунда жүргүнчүлөр каттамын калыбына келтирүү боюнча келишимге кол коюшту.

27-март күнү Кочкор районундагы Сарыбулак аймагында Бишкек-Кашкар багытында бараткан автоунаадагы Кытайдын 19, Кыргызстандын 2 атуулу киши колдуу болгон эле. Ал окуядан кийин эки өлкөнүн бийлиги жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун сактоо боюнча иш-чараларды күчөтүүнү чечишти. 28-июлда Кытайдын Шинжаң уйгур автоном районунун Транспорт департаментинин делегациясы менен Кыргызстандын Транспорт жана коммуникация, Ички иштер министрликтеринин өкүлдөрү келишимге кол коюшту. Ага ылайык, мындан ары Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда жүргүнчүлөрдү ташыган автоунааны куралчан милиционер кайтарат.

- Сарыбулактагы адам өмүрү кыйылган кырсыктан кийин автобусту куралдуу милиция менен коштоо жөнүндө чечимге келдик, - дейт кытайлык делегация менен сүйлөшүүлөрдө кыргыз тарапты жетектеген транспорт жана коммуникация министринин орун басары Айзат Ажикеев. - Ага ылайык, милиция кызматкери жүргүнчүлөр менен кошо автобуска отуруп, Кытайдын чек арасына чейин аларды коштоп барат. Ошол милиционер чек арада Кытайдан Кыргызстанга чыккан автоунаага отуруп, кайра келаткан жолдо кытайлык ишкерлердин өмүрүн сактап келмекчи. Милиция кызматкеринин иш акысын мамлекет эмес, ошол автобусту жалдаган ишкерлер жана мекеме-фирмалар төлөп берет. Биз автоунааларды курал менен кайтарууну мурда эле сунуш кылганбыз. Бирок, көнбөй коюшкан. Кырсыктан кийин эми макул болушту. Андан тышкары, билет сатуунун тартибин катуулаттык. Билет паспорт менен гана сатылат. Бир нускасы шопурга берилет, бир нускасы автовокзалда калат. Анткени, Сарыбулактагы кырсыкта адамдарды тааный албай, бир топ убара чектик.

Айзат Ажикеевдин айтымында, милиция кызматкери коштогон алгачкы автоунаа 11-августта жолго чыгат. Ага чейин жүргүнчүлөрдүн, тартип сакчыларынын визасы даярдалмакчы. Министрдин орун басарынын кошумчалаганына караганда, азыр эки өлкөнү байланыштырган учактар мурдагы калыбында каттай баштады.

Кытай менен транспорт катнашы жөнүндөгү келишимге 1993-жылы кол коюлган. Ага ылайык 1998-жылдан тартып Бишкек-Кашкар, Бишкек-Артыш, Нарын-Кашкар, Нарын-Артыш, Ош-Кашкар, Ош-Артыш багытында автоунаалар каттап келген. Бул жолу кытайлык өкүлдөр менен Жалалабад-Кашкар, Жалалабад-Артыш автокаттамын ачуу боюнча да макулдашууга кол коюлду.

- Жалалабаддын тургундары “Жалалабаддын өзүнөн Кытайга каттайбыз” деген демилге менен чыгышкан. Биз да колдодук, Кытай тарап да каршы болгон жок. 22-сентябрда алгачкы автоунааны жөнөтсөкпү деп жатабыз, - дейт Айзат Ажикеев.

Бишкектеги жолугушуу учурунда Кытайдан келген делегация Кыргызстандан Кытайга Торугарт жана Эркечтам аркылуу каттоочу жолдорду оңдоп-жамап турууга каражат бөлүү ниетин билдирди.

- «Жолду силер да пайдаланып жатасыңар, анын ремонтуна жардам бергиле» десек, алар биздин мындай сунушубузду колдошту. Бул боюнча келишимге кол койдук. Ага ылайык, курамына он адис кирген эки тараптуу комиссия түзүлөт да, жолдун кайсы участокторун оңдош керек экенин жана ага канча каражат талап кылынаарын иликтеп чыгат. Быйыл Кытай тарап жолдун Эркечтамдан Сарыташка чейинки бөлүгүн оңдоо иштерине 4 млн. юань бөлгөн. Өлкөбүз үчүн өтө маанилүү Ош-Сарыташ-Эркечтам жолун толук оңдоо ишин биз Азия Өнүктүрүү Банкынын колдоосу менен ишке ашыралы деген ойдобуз. Буюрса, 250 чакырымга созулган бул жолду жакын арада толук оңдойбуз, - дейт Айзат Ажикеев.

Анын айтымында, Кытай тарап менен Ош-Сарыташ-Эркечтам темир жолун биргелешип куруу боюнча да иштер башталып, сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Жолдун бир бөлүгү Өзбекстан аркылуу өткөндүктөн, бул ишке Өзбекстан да тартылган. Айзат Ажикеевдин айтымында, деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок Кыргызстан үчүн бул темир жол өтө маанилүү.

- Европа өлкөлөрү жана Орусия Түштүк-Чыгыш Азияга жана Кытайга темир жол менен чыгыш үчүн «Достук» өткөөлүн гана пайдаланып, ага өтө көз каранды, - дейт Айзат Ажикеев темир жол тууралуу. - Ош-Сарыташ-Эркечтам темир жолу курулса, ал Европа мамлекеттери үчүн да, Орусия үчүн да жакшы болмок. Бул жолду курууга байланыштуу саясий чечим кабыл алынган. Кыргызстандын, Кытайдын жана Өзбекстандын ортосунда түзүлө турган келишимдин долбоору иштелүүдө. Кытай техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгууга 15 млн. юань берген. Алардын адистер менен биздин адистер жолдун курулушуна байланыштуу планды иликтеп чыгышты. Өзбекстан «жол Эркечтам аркылуу курулса» деп жатат. Бирок, экономикалык жактан да, коопсуздук жагынан да курулушка ыңгайлуусу да Арпа өрөөнү аркылуу Карасуу темир жол станциясына түшүү туура болуп турат. Жолдун мындай багытын Кытай да колдоого алууда.
XS
SM
MD
LG