Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:30

ДЕМОКРАТИЯЛЫК КООПСУЗДУК, АБИЙИРДҮҮ БАШКАРУУЧУЛАР КЕҢЕШИ, ТУҢГУЮК ЖОЛ


Жаңы муунду сергек, таза жашоого чакырган китептин авторлорун сотко беришти. Орусиялык парашютчулар Жеңиш чокусунун үстүнөн бой таштоого камданып жатышат. Президент Демократиялык коопсуздук коомдук кеңешинин жана Абийирдүү башкаруучулардын улуттук кеңешинин жоболорун бекитти. Чоң уу-дуу менен башталган Балыкчы-Кочкор темир жол курулушу уланбай токтоп турат. Жаңы кылым жолунун абалы кандай?

«Кыргыз элинин абийир, арнамысын коргоо комитети» «Жашоонун сергек ыңгайы» китебин жазган, «СПИД» республикалык борборунун башчысы Борис Шапиро жетектеген авторлор жамаатын сотко берди. Шейшембидеги «Вечерний Бишкек» гезитинде талаштуу маселеге кайрылган Данияр Каримов: «Адеп-ыйман коргоочулар окуу китебинин авторлорун сотко берүү менен эле чектелбей, премьер-министр Николай Танаевдин үстүнөн арызга отурушту. Өткөн аптанын соңунда алар өкмөт башчы келген арыздарды өзүнөн төмөн турган инстанцияларга жөнөткөнү үчүн сотко беришти», деп жазды.

Басылмада Кыргызстандан Жапонияга барган эки окуучу математика боюнча 44-эл аралык олимпиадада 2 коло медаль алганын кабарлаган маалымат да жарыяланган. Бишкектеги № 61-физика-математикалык лицей-мектептин окуучулары Тимур Мамбетов менен Нурдин Такенов 86 өлкөдөн келген шыктуу балдардын арасынан суурулуп чыгып, оор интеллектуалдык мелдеште жеңишке жетишкен.

Орусиялык 9 парашютчу опуртал оюнду баштаганы калганын 29-июлдагы «Слово Кыргызстана» гезити маалымдады. Борбор Азиядагы эң бийик Ленин чокусунун үстүнөн парашют менен секирип, алар тобокелге бел байлашууда. Басылманын жаңы санында Демократиялык коопсуздук коомдук кеңеши менен Абийирдүү башкаруучулардын улуттук кеңеши тууралуу эки жобонун тексти жарыяланды. Президент бекиткен кош жободо демократияны өнүктүрүү керектиги айтылган, коррупциянын ооздугун тартып, абийирдүү башкаруунун эрежеси белгиленген.

1993-жылдын аягында президент А.Акаевдин Балыкчы-Кочкор-Жалалабад темир жолун салуу жөнүндөгү демилгеси колдоого алынып, бир жылдан кийин Балыкчы-Кочкор-Каракече темир жолун салуу боюнча мамлекеттик дирекция түзүлгөн. Чоң демилге менен башталган иш аягына чыкпай токтоп калганы Вячеслав Тимирбаевдин «МСН» гезитиндеги «ХХI кылымдын жолу деп алданган экенбиз» деген макаласында баяндалган. 1998-жылдын 5-июнунда Балыкчынын Акөлөң кыштагынын жанында жаңы темир жол курулушу башталган. Башында убада кылынган 40 миллион сомдон бир тыйын да түшпөй, төрт айга жетпей курулуш токтолду. «Президенттин жанында анын айткан сөзүнө, демилге-сунушуна сын көз менен караган адамдардын жоктугунан улам коом көп нерседен уттуруп коюуда, - деп жазат автор. - Мамлекет башчысы эмне айтса ошону «мыкты, гениалдуу» дей берип, жыйынтыгында алдагыдай абалга жетип отурабыз. Кандай жол салаарды да билбейбиз».

Балыкчы-Кочкор-Каракече темир жол курулушуна шейшембидеги «Кыргыз туусу» гезитинде жарыяланган маегинде тике инвестицияларды тартуу борборунун жетекчиси Бейшен Болотбеков да кайрылган. «Эл айтса, калп айтпаса керек, - дейт ал. – Балыкчы-Кочкор-Каракече темир жолун куруу идеясын мен 1991-жылы эле көтөргөн элем... 1995-жылы бул темир жолдун 15 чакырымынын долбоору даяр болгон. Бүгүнкү күндө ашар жолу менен башталган Балыкчы-Кочкор-Каракече темир жолу ошол долбоордун негизинде, анча-мынча кошумчалар менен жүрүп жатат. Арийне, мен курулушчу катары айтып кетким келет: аталган темир жолду ашар жолу менен куруу - болбогон кеп».

Кыргыз илимпоздору Тоолуу Алтайга, Тувага жана Хакасияга экспедиция уюштурушкан. Экспедициянын мүчөсү, профессор Аблабек Асанкановдун маеги ушул эле гезиттин жаңы санында жарыяланды. Окумуштуунун болжолу боюнча, Кыргыз каганаты ээлеген чек Энесайдын башынан башталып, Миңсуу өрөөнүн өрдөп, Алтай тоолорунун түштүгүнө чейин созулат. «Алтайдын түштүгү тоолуу келип, дыйканчылыкка да, мал чарбачылыкка да жакшы ажайып жерлер экен. Аба ырайы да бизге жакын. Ата-бабаларыбыз «Улуу көч» убагында мына ушулардын баарын эске алган деп ойлойм»,- дейт Аблабек Асанканов.
XS
SM
MD
LG