Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:59

Франциядагы өрт үч адамдын өмүрүн алып кетти


Франциянын түштүгүндөгү Прованс аймагында болуп жаткан өрт улам күчөп, 8 миң гектар жердеги токойду жок кылды. Ал жерде эс алып жүргөн улуу британиялык эки жана польшалык бир турист каза болду. Франциянын бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, бир убакта 30 жерде өрттүн чыгуусуна атайы өрт коюу гана себеп болушу мүмкүн. Муну өрт болгон жерде күйүүчү май куюлган бөтөлкөлөрдүн табылышы айгинелейт деп жатышат. Франциянын ички иштер министри Никола Саркози муну “экологиялык терроризм” деп атады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG