Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:50

Түндүк Кавказдагы операцияларды жүргүзүү укугу Орусиянын ички иштер министрлигине өттү


Шейшембиден баштап Түндүк Кавказдагы операцияларга жетекчилик кылуу укугу Орусиянын федералдык коопсуздук кызматынан ички иштер министрлигинин карамагына өттү. Орусиянын федералдык коопсуздук кызматынын төрагасы Николай Патрушев менен ички иштер министри Борис Грызлов ал жердеги бардык күчтөрдүн ишин көзөмөлдөөчү регионалдык оперативдүү штабдын башчылыгына Юрий Мальцев дайындалгандыгын ушул күнү Чеченстандын Ханкала шаарында билдиришти. Ал эми Алхан-Кала айылынын жанында Орусиянын аскер күчтөрү менен чечен согушчандарынын кагылышуусу болуп,андан чечен согушчандарынын экөө набыт болуп, бирөө өзүн- өзү гранатага жардырып каза болду. Өткөн түн ичинде мындай окуялардан кеминде 8 адам жарат алды.

XS
SM
MD
LG