Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:13

АКШ Түндүк Кореянын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө


АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Жон Болтон бүгүн Кытайдан чыгып, Түштүк Кореяга барды. Анын сапарынын максаты Түндүк Кореянын өзөктүк программасына байланыштуу түзүлгөн опурталдуу кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү. Ал буга чейин маселени Кытайдын тышкы иштер министри Ли Чжаосин менен талкуулаган. Болтондун маалыматына караганда, Кытай Түндүк Корея менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүшү керек деген идеяны колдойт.Бирок, ал АКШ, Түндүк Корея, Япония, Түштүк Корея жана мүмкүн, Орусиянын өкүлдөрүнүн катышуусу менен талкууланышы керек деген көз карашта. Ал эми Түндүк Корея өзөктүк программасы боюнча АКШ менен көзмө-көз сүйлөшүүнү талап кылып жатат. Жон Болтон кечээ бул опурталдуу кырдаалды жөнгө салууда Бириккен Улуттар уюму чечүүчү ролду ойношу керектигин эске салган.

XS
SM
MD
LG