Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:54

АКШ Кыргызстандын аскер тармагына жардам берүүнү улантууда


БИШКЕК. Америка Кошмо Штаттары чет өлкөлөргө аскердик жана билим берүү багытындагы жардам көрсөтүү программаларынын алкагында Кыргызстанга быйыл 5 млн. долларлык жардам берди. Ал эми келерки жылы ал 7 млн. доллар өлчөмүндө көмөк көрсөтүүнү болжоп жатат. Бул тууралуу бүгүн Бишкектеги Жогорку аскер окуу жайында өткөн маалымат жыйынында АКШ элчилигинин аскердик кызматташтык кеңсесинин башчысы Майор Майкл Коллиер билдирди. Сөз болуп жаткан каражаттар биргелешкен окууларды, семинарларды, конференцияларды, машыгууларды өткөрүүгө, экологиялык коопсуздук маселелерине, сержанттык курамды даярдоого, маалымат технологиясына, тоо шарттарында согушууга, медицинага байланышкан долбоорлор боюнча иштетилип жатат. Алардын бири 22-июлда Бишкектеги Жогорку аскердик окуу жайында башталган. Кыргызстандын Коргоо министрлиги менен АКШнын Борбордук командачылыгы биргелешип өткөрүп жаткан бул иш-чарада америкалык адистер Коргоо, Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин, Улуттук гвардиянын, Чек ара кызматынын 60 санитардык инструкторун согуш мезгилинде адам өмүрүн сактап калуу боюнча даярдыктан өткөрүүдө. Мындан тышкары, Коргоо министрлиги АКШнын колдоосу астында сержанттардын кесиптик мектебин жакында ачууга аракет көрүүдө.

XS
SM
MD
LG