Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:19

Дүйнөлүк Соода Уюмуна байланышкан семинар соңуна чыкты


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте «Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы Дүйнөлүк Соода Уюмунун маселелери боюнча мекемелер аралык комиссия: анын ролу жана иш милдеттери» аттуу эки күндүк семинар өз ишин аяктады. Анда өкмөттүн токтому менен түзүлгөн мекемелер аралык комиссиянын 2003-жылдын экинчи жарымында аткара турган иш пландары талкууланды. Жыл аягына чейин комиссия Кыргызстандын укуктук-нормативдик актыларын Дүйнөлүк Соода Уюмунун эрежелерине ылайыкташтырып, уюмга кирүүгө даярдык көрүп жаткан өлкөлөр менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Мекемелер аралык комиссия мындан тышкары уюмдун кезектеги министрлик конференциясына карата кыргыз өкмөтүнүн позицияларын иштеп чыгышы керек. Конференция быйыл сентябрда Мексикада өтөт. Бишкектеги семинар ЮСАИДдин сооданы өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу боюнча долбоору, «Прагма» корпорациясы жана Борбор Азия өлкөлөрү үчүн регионалдык окутуу программасы тарабынан уюштурулду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG