Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:00

АВГУСТТА ӨТЧҮ КУРУЛТАЙЛАР, АР КЫЛ ДОКУМЕНТТЕР


Кыяс Молдокасымов, Бишкек Август айында эки курултай өтөт. Биринчиси - «А. Акаевди кызматтан кетирүү, эл үчүн реформа жасоо» кыймылынын III курултайы, экинчиси - Бүткүл дүйнөдөгү кыргыздардын II курултайы. Биринчи курултайда өлкөнү кризистен алып чыгуунун программасы кабыл алынса, экинчи курултайда кыргыз элинин Демократиялык кодекси кабыл алынмакчы.

Бул курултайлар бири-биринен кескин айырмаланат. Оппозиция тарабынан өткөрүлө турган курултай буга чейин өткөрүлгөн курултайлардын ишин жыйынтыктап, баштагыдай куру кыйкырык, бийликти кескин сындоо менен гана чектелбей, өлкөнү оор кризистен чыгаруунунун программасын талкуулап, аны кабыл алуу менен коштолоору күтүлөт. Ал эми бийлик тарабынан уюштурулуп жаткан Бүткүл дүйнөдөгү кыргыздардын II курултайы жаңы миң жылдыктын башында кайрадан кыргыздарды баш коштуруп, келечек багытын аныктоого арналууда. Анын үстүнө Бүткүл дүйнөлүк кыргыздардын I курултайынан бери чет өлкөдө жашаган кыргыздарга ырааттуу түрдө көңүл бурулбай, алар менен байланыш да солгундап кеткени жашыруун эмес. Алгачкы курултайда айтылган улуу сөздөрдүн, максаттардын көбү ишке ашпай, атайын бөлүнгөн каражаттар, кыймылсыз мүлктөр айрым адамдардын менчигине айланып, четте жашаган кыргыздар үчүн кызмат кылбаганы тууралуу айрым маалымат каражаттары жазып чыгышты. Ошого карабай Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдык салтанатына чет-жакада жашап келген кыргыздар чакырылып, келген коноктор менен бирге Демократиялык кодексти талкуулап, аны кабыл алып, кыргыздар кай жерде жашабасын ошол кодекс менен жашоого чакырык жасалмакчы. Курултайда кабыл алынчу Демократиялык кодекс тууралуу биринчи вице-премьер министр Курманбек Осмоновдун пикири мындай:

- Мына күздө, августтун аягында Кыргыздардын II бүткүл дүйнөлүк курултайы өткөнү турат. Ошол курултайдын кароосуна ушул Демократиялык кодекс киргизилмекчи. Совет мезгилинде «Коммунизмди куруучулардын моралдык кодекси» деген бар эмес беле. Ал мыйзам эмес болчу, жөнөкөй моралдык кодекс болчу. Ошол сыяктуу, бардык демократиялык баалуулуктарды жана эң негизгиси - элибиздин менталитетине, элибиздин үрп-адаттарына, жакшы салттарына төп келишкен бир Демократиялык кодексти иштеп чыгып, Бүткүл дүйнөлүк кыргыздардын II курултайына сунуштайлы деп турабыз.

Бирок Дүйнөдөгү кыргыздардын курултайына Демократиялык кодекстин коюлушун колдобой турган көз караштар да байкоочулардын арасында өкүм сүрүүдө. Алар: «Эгерде чет элдик атуулдар бул Демократиялык кодексти талкуулап, аны жактырып, аткарылышына милдеттенме алып кайтса, аны менен Өзбекстандын бийлиги же Кытайдын коммунисттери макул болобу?» деген суроо коюп жатышат. Айрым саясатчылар «Демократиялык кодекстин өзү Кыргызстан үчүн керекпи?» деген маселени көтөрүшүүдө. Мындай суроону Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Кубатбек Байболов да коюп, ага жоопту өзү берет:

- Демократияны ар кандай директивалар, кодекстер жана мыйзамдар менен киргизүүгө эч кандай мүмкүн эмес. Ошондуктан биздин коомго, демократиянын өнүгүшүнө эч кандай директивалык документтер пайда бере албайт. Мүмкүн керек болсо болгондур, бирок ошол кодекс биздин демократияны алдыга жылдырып жиберет деген ишенимден оолагыраак болушубуз керек.

Аталган кодекстин айланасында мына ушундай карама-каршы пикирлер өкүм сүрүп келет. Ал эми «А. Акаевди кызматтан кетирүү, эл үчүн реформа жасоо» кыймылы август айынын орто ченинде III курултайын өткөрүп, анда өлкөнү кризистен чыгаруунун программасы кабыл алынаарын, ал Бүткүл дүйнөлүк кыргыздардын II курултайына сунуш кылынаарын билдирүүдө. Бул маселе тууралуу кыймылдын жетекчиси Азимбек Бекназаров бизге буларды айтты:

- Башкы максатыбыз - ушул иштеп чыккан программабызды эл арасында кеңири талкуулоо. Август айынын орто ченине чейин эл арасында талкуу жүргүзмөкчүбүз. Андан кийин август айынын орто ченинде курултайыбызды өткөрүп, ошол жерде программабызды бекитип алабыз. Ошол курултайда кабыл алынган программаны Бүткүл дүйнөлүк кыргыздардын II курултайына да сунуш кылалы деп атабыз. Ошондой эле, курултайдан соң жаңы Конституция кабыл алуу боюнча же болбосо президентти мөөнөтүнөн мурда кызматынан кетирүү боюнча же реформаларды жүргүзүү боюнча, мүмкүн кол топтообузду баштайбыз, курултайдын чечимине ылайык.

Ошентип, август айында катар-катары менен курултайлар өтүп, саясий окуялардын кайрадан жанданышына шыкак берчү жагдайларга өлкө туш болгону калды.
XS
SM
MD
LG