Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:30

КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТҮҮЛҮГҮНҮН 2200 ЖЫЛДЫГЫ М. АКАЕВАНЫН КИТЕБИНИН БЕТ АЧААРЫ МЕНЕН БАШТАЛАТ


Чолпон Орозобекова, Бишкек Мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов Өкмөт Үйүндө журналисттер менен жолугушту. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгын майрамдоо жана ага даярдыктар туурасында ой бөлүштү. 9-августта Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жылына арналган салтанаттар Майрам Акаеванын «Үмүттүн күнү батпайт» деген китебинин бет ачаары менен башталаары дайын болду.

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына арналган майрам 4 айга созулмакчы. Мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жылын белгилөөнүн негизги иш-чараларын санап берди. Президенттин жубайы «Үмүттүн күнү батпайт» деген китеп жазып, бир-эки жолу бет ачаарын да жасаган. Мамлекеттик катчынын билдиргенине караганда, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жылын майрамдоо 9-августта Майрам Акаеванын китебинин бет ачаары менен башталмакчы. Аңгыча кыргыз коомчулугунда бул кабарды жактырбай кабыл алгандар да жолугуп атат. «Жаңы Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Нур уулу Досбол: «Биринчи айымдын китеби көбүнчө өз өмүр баянына жана үй-бүлөсүнө арналгандан кийин, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнө кандай тиешеси бар?» - деп таң калды.

- Биринчи айымдын китеби менен бул тойдун башталышы шумдук окуя экен. Мындай окуя 2200 жыл ичинде дегеле болбосо керек. Ошол жакта чуркап жүргөн «дүжүрлөрдүн» кылганы болсо керек. Эми муну айрым кошоматчылар «эң жакшы ойлонуп табылган» деп мактап чыгышат. Бул жерде эми чоң саясат жатышы ыктымал. Экинчиден, «оозу кыйшык болсо да байдын уулу сүйлөсүн» деген кеп да, - дейт Досбол Нур уулу.

Президенттин маалымат кызматы «Кыргызстан - менин мекеним» деген темада окуучулардын сочинениелерине конкурс жарыялаган. Республиканын булуң-бурчунан миңдеген сочинениелер түшүптүр. Мамлекеттик катчы менен президенттин маалымат катчысы Абдил Сегизбаев журналисттердин көзүнчө алдыга озуп чыккан отуз окуучунун «мыкты» деп табылган бешөөнө байгелерин тапшырышты. Сузак районундагы Жоомарт Бөкөнбаевдин наамындагы балдар үйүнөн келген Токтосунова Мээримдин сочинениеси – «эң мыкты» деп табылгандардын бири. Мээримден: «Сочинениеңди эмне тууралуу жаздың эле?» деп сурадым.

- Мен сочинениемде Майрам Дүйшөновнанын жасаган жумуштары тууралуу жазгам. Биздин мектепке көп жардам кылып келет. Компьютердик класс белек кылган. Мен ушуларды жазып, анан Кыргызстандын жаратылышынын кооздугун да сүрөттөгөм, - дейт Мээрим Токтосунова. Өкмөт Үйүнүн 7-кабатында толкунданып, беттери албырып отурган бул окуучулар кыргыз бийлигинин колдоосу артында эртең Ысыккөлгө лагерге эс алууга жөнөшөт.

Мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жылын майрамдоонун андан аркы планы менен тааныштырды. 10-августтан баштап дүйнөлүк «CNN» телеканалында Кыргызстан жөнүндө телебаяндар көрсөтүлөт. 15-августта «Чыңгыз Айтматов чакырат» деген кече болоору күтүлөт. Кыргыздардын II дүйнөлүк курултайы 29-августта Чолпонатада өтөт. 22-сентябрдан баштап Орусияда беш күн бою «Кыргыз маданиятынын күндөрү» болот. 3-октябрда БУУда «Кыргызстандын күндөрү» белгиленип, Аскар Акаев сөз сүйлөйт. Нью-Йоркто Кыргызстандын атынан БУУнун кызматкерлери жана дипломаттар үчүн сый дасторкон жайылганы турат.

Мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимовдун билдиргенине караганда, кыргыз бийлигинин демилгеси менен жазылган Демократиялык кодекс Кыргыздардын дүйнөлүк курултайында кабыл алынмакчы. Ал эми 5-октябрда Парижде, Сорбоннада Кыргыз мамлекеттүүлүгүнө арналган илимий конференция болмокчу.

Учурда бул тойго кызуу даярдык жүрүп аткан кез. Өкмөт Үйүндө 11-июлда өкмөт башчысы Николай Танаев тойдун камылгасы тууралуу жыйын өткөргөн. Ага катышкан министрлер менен губернаторлор Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгын белгилөөгө каражат жоктугун айтып чыгышкан. Бирок, премьер-министр бардык акимдерге жана министрлерге бюджеттен сырткары эмне болсо да каражат табууга буйрук кылды. Кандай болгон күндө да, бул маараке миллиондогон сомдун башын жутканы калды көрүнөт. Осмонакун Ибраимов буга чейин «Азаттыкка» берген маегинде «Кыргыз мамлекеттүүлүгүн белгилегенге мамлекеттик казынадан бир да тыйын кетпейт» деп ишендирген. «Кыргызстан өз экономикасын көтөрө албай, жакырчылыктан чыга албай атканда сарамжалдуураак болсо» деген ойлор бар. Жогорку Кеңештин депутаты Ишенбай Кадырбеков Кыргыз мамлекеттүүлүгүн эл аралык коомчулук менен бирге белгилеп койгонго каршы эмес. Бирок, «азырынча ашыкча чыгымдын кереги жок» деген ойдо. Депутат И. Кадырбековдун пикиринде, мамлекеттин капчыгы жука болгондон кийин, обу жок улам бир мааракелерди өткөрбөй, каражатты тойлорго чачканды токтотуш керек.

XS
SM
MD
LG