Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:03

Бельгия парламенти аскерий кылмыштар боюнча жаңы мыйзамды кабыл алды


Мыйзамды азырынча парламенттин төмөнкү палатасы бекитти. Мурда, 1993-жылы кабыл алынган мыйзам боюнча Бельгиянын сотторуна аскерий кылмыштарга байланышкан иштерди ал кайсыл жерде жасалганына жана аны жасагандардын атуулдугуна карабай кароого укук берилчи. Ага ылайык, сотко чет элдик саясатчыларды да тартуу мүмкүн эле. Ирактагы согуштан улам Бельгиянын сотторуна АКШнын президенти Жорж Бушка жана анын администрациясынын башка мүчөлөрүнө каршы доо арыздар түшө баштаган. Буга байланыштуу Вашингтон Бельгиянын өкмөтүнө нааразылык билдирген эле. Эми мыйзамдын жаңы редакциясына ылайык соттор Бельгия жарандарынын же өлкөдө үч жылдан кем эмес жашаган чет элдиктердин гана ишин карайт.

XS
SM
MD
LG