Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:02

Палестин өкмөт башчысы АКШга ыраазычылык билдирди


Махмуд Аббас бүгүн Амманда иордан падышасы Абдалла менен жолуккан учурунда АКШ алардын проблемаларын, анын ичинде Израил менен палестин аймактарын бөлгөн дубалдын курулушу боюнча камтамачылыкты түшүнгөнү үчүн ыраазычылык билдирди. Палестин өкмөт башчысынын Иорданиядагы визити АКШ менен Израилдин Вашингтондогу саммитине туш келди. Өткөн аптада АКШ президенти Жорж Буш Махмуд Аббас менен Вашингтондо кездешкен учурунда Израил менен Иордандын батыш жээгиндеги палестин аймактарын бөлгөн дубалдын курулушун "проблема" деп атаган. Жөөт өкмөт башчысы Ариэль Шарондун кечээ президент Жорж Буш менен жолуккан соң билдиргенине караганда, дубалдын курулушу улантылат жана Израил курулуштун палестин калкынын турмуш-тиричилигине тийүүчү таасирин азайтууга колдон келишинче аракеттенет. Израил коопсуздук үчүн керек деп эсептеген бул дубалдын курулушуна палестин тарап каршы. АКШ президенти Жорж Буш шаршемби күнү Ак үйдө болгон басма сөз жыйынында 2005-жылы Палестин мамлекетинин түзүлүшү реалдуу максат экенин белгиледи.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG