Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:53

Баткенде Түштүк Кореядан келген эки альпинисттин сөөгү табылды


БАТКЕН. Өткөн жумада Лейлек районундагы Аксуу тоосунда кырсыкка учурап набыт болгон түштүк кореялык эки альпинисттин сөөгү кечээ кечинде табылды. Облустук атуулдук коргонуу штабынан бүгүн алынган маалыматка караганда, өткөн ишемби күнү Орусиядан жана Өзбекстандан келген куткаруучулар аскада калган эки альпинисттин сөөгүн кечээ кечке жуук алып түшүп, бүгүн эртең менен тигучак менен Бишкек шаарына учуп кетишти. Түштүк Кореядан келген альпинисттер Чон Янг Сун менен Пак Ким Жонг 21-июль күнү деңиз деңгээлинен 4500 метр бийиктиктеги Аксуу тоосунда аскадан кулап кетип, тоонун чокусунан 300 метрдей аралыкта коопсуздук арканына асылып калышкан. Алгачкы күндөрү алар тирүү экенин билдирип, жердегилер менен үн алышып турушкан, бирок аларды куткарууга мүмкүнчүлүк болбой, ошол жерде набыт болушкан. Быйыл 8-июлда Түштүк Кореядан 18 альпинист келген эле. Аскада калып набыт болгон эки альпинист да ошолордун арасында болгон. Бул топтогу альпинисттердин он бири окуя болгон күнү эле Ташкен шаарына жөнөтүлүп, ал эми бешөө кырсыкка учураган эки альпинистти куткаруу аракетинде ошол жерде калышкан.


Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Аманбек Жапаров

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG