Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:02

Кыргызстанда учактар чыгарылмак болду


БИШКЕК. Кыргызстанда учактарды сертификациялоо боюнча мыйзам иштелип чыга элек. Ошондуктан, жаңы чыгаары күтүлүп жаткан «Аккептер» учагын сертификациядан өткөрүү максатында жоопкерчилиги чектелген «Эр Авиа» ишканасы Эл аралык авиация комитетине түз кайрылууну көздөп жатат. Бул туурасында «Азаттыкка» ушул компаниянын вице-президенти Михаил Шварцер кабарлады. Анын айтымында, «Эр Авиа» компаниясы айына эки-үч чакан учак чыгарууга мүмкүнчүлүгү бар. Бул кыргыз-орус ишканасы 2001-жылдан бери учактын сыноо максатындагы он үлгүсүн чыгарып, алар сынактардан ийгиликтүү өтүп жатат. Өткөн аптада бул учактын мүмкүнчүлүгү элге көрсөтүлдү. Болжолдуу «Аккептер» ысымы ыйгарылган 2 кишилик бул чакан учакты ишкерлер туризм жана айыл чарба тармактарына ылайыкташтырууда. Анын наркы орто эсеп менен 80-100 миң долларга бааланат.

XS
SM
MD
LG