Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:24

КЫТАЙДЫН МУРДАГЫ “БИРИНЧИ АЙЫМЫНЫН” ЖОРУКТАРЫ ОПЕРАДА ЧАГЫЛДЫРЫЛДЫ


Тынчтыкбек Чоротегин, Прага шаары Мао Цзедундун үчүнчү аялы, айтылуу Цзян Цин жөнүндө Америкада бир нече китеп чыккан. Өткөн ишембиде болсо АКШнын Нью-Мексико штатынын борборунда “Мао айым” ('Madame Mao') деп аталган операнын премьерасы болуп өттү. Операны америкалык 47 жашар композитор, теги кытайлык Брайт Шең жазган. Деги, Мао айымдын өзү ким болгон?

Июлдун 26сында АКШнын Нью-Мексико штатынын борбору Санта-Фе шаарындагы опера театрында таланттуу композитор, Мичиган университетинин профессору Брайт Шеңдин (Bright Sheng) “Мао айым” аттуу операсынын премьерасы болду. 1982-жылы, 26 жашында Кытайдан Кошмо Штаттарга келген Брайт Шең өз чыгармасында социалисттик кытай коомун, өзгөчө алганда, анын “маданий ыңкылап” деп аталган жазалоочулук доорун ичтен билип-көргөн инсан катары сүрөттөгөн. Анын операсынын башкы кейипкери – коммунисттик Кытайдын негиздөөчүсү Мао Цзедундун үчүнчү аялы, айтылуу Цзян Цин (Jiang Qing/Ching; 1914-1991).

Брайт Шеңге чейин эле АКШда бул айымдын бейнесин (англис тилиндеги) көркөм чыгармалар аркылуу сүрөттөө аракеттери болуп келген. Маселен, Анчи Мин (Anchee Min) айымдын калеминен жаралган “Мао айымдын калыптанышы” аттуу роман, Хенри Оңдун (Henry Ong) “Мао айымдын эскерүүлөрү” драмасы жана башка чыгармалар Батыш окурмандарына дурус таанымал.

Ал эми бул чыгармалардын баш каарманына келсек, Цзян Цин 1914-жылы жакыр үй-бүлөдө туулган. Жаш кезинде ал Шанхайга келип, өнөрпоздук менен күн көргөн. Үч жолу нике курган, көзүнүн агынан айланган жигиттеринин эсеби жок болгон. Кийинчерээк ал Мао Цзедунга жолугат. Башка жетекчи коммунисттердин нааразылыгына карабастан, Мао Цзедун 1939-жылы келишимдүү өнөрпоз аялга үйлөнөт, 1943-жылы партияны жетектеп калат. Цзян да өзүн жаңы кырдаалга ылайык кармап, карапайым болууга тырышат. Болочокку “Биринчи айым” Гоминдан режимине каршы согушуп жаткан коммунист жоокерлер эмнени көрсө, ошону көрүп, кээде үңкүрлөрдө баш калкалаган учурлары да болот.

1949-жылы коммунисттер бийликке келип, Цзян Циндин күйөөсү Кытайдын көсөмү болуп калды. Он жыл өтүп-өтпөй, 1959-жылы Мао Цзедун дээрлик чексиз болгон бийлигин алдырып койду. Өлкөдө өтө катаал саясат жүргүзүүгө каршы турган Лю Шаочи менен Дэн Сяопиндин либералдык маанайдагы реформалары башталды. Бирок 1966-жылдан тартып он жылдай кулач жайган “маданий ыңкылап” урааны менен Мао Цзедун өзүнүн бийлигин кайра чыңдап алды. Дал ошол маалда Кытай “Биринчи айымдын” азабын көрдү.

Эгерде жаш кезинде Цзян Цин далай ролдорду аткарган болсо, ал эми “маданий ыңкылап” кезинде нечен миллиондогон кытайлык атуулдар Мао айым каалаган сценарийдин аргасыз кейипкерине, тоталитардык машинанын курмандыктарына айланышты. Дал ошол жылдары Кытайдагы Кызылсуу Кыргыз автоном районунун далай чыгаан ишмерлери жок кылынган, абактарга, сүргүнгө айдалган, же кызматынан алынып, хунвейбиндердин мазактоосуна кабылган. “Манас” дастанынын далай кол жазмалары, эркин көз караш сезилген нечендеген китептер өрттөлүп жок болгон.

Улуттук азчылыктарды мындай койолу, жалпы ханзу эли да оор жоготууга дуушарланган. Маого каяша айткан Дэн Сяопинди Цзян Цин (“Мао айым”) таптакыр саясаттан четтетип салган, ал эми реформатор Лю Шаочи абакта жүрүп дүйнөдөн кайткан. Лю Шаочинин АКШда таалим алган өтө билимдүү аялы хунвейбиндер тарабынан калайык алдында басмырланып, мазактоого алынган.

1976-жылы Мао Цзедун о дүйнөгө сапар тарткандан кийин гана кытай коому Биринчи айымдын саясий тузагынан бошонгон. Цзян Циндин өзү кадр саясатына кийлигишүүсү, жүз миңдеген кишилерди айыпсыз жерден жазалоо өнөктүгүнө жетекчилик кылгандыгы жана башка иш-аракети үчүн айыпталып, түрмөгө түшкөн. Батышта “Мао айым” деп таанылган Цзян Цин өзүнө коюлган доолордун баарын негизсиз деп четке кагып келди. Бир кезде ал өзү башка пикирдегилерге жол бербеген сыяктуу эле, бир партия үстөмдүк кылган бойдон калган бул коомдо анын пикирине да эч ким кулак салып койгон жок.

Акыры, жетимиш жети жашка келгенде, 1991-жылдын башында Мао айым асынып өлдү.

Кытай, Маоцзедундун жана анын аялынын түшүнүгүндө, дүйнөнүн так чордонунда жайгашкан, чет өлкөлөр менен карым-катнаш жүргүзбөй эле өз жанын өзү бага ала турган кудуреттүү коммунисттик мамлекет. Ал эми азыркы Кытай жетекчилери болсо – дүйнө коомчулугу менен тыгыз кызматташ болууну, базар экономикасынын бир катар талаптарын аз-аздап болсо да кабыл алууну, дүйнөдөн бөлүндүдө калбоону жактоодо.

Көөнө доордогу Кытайда коңшу өлкөлөр “варвар” катары каралчу. Ал эми азыркы Бээжин пост-советтик коңшулары менен теңата деңгээлде карым-катнаш жүргүзүп келет. Бул тууралуу маскөөлүк адис, Карнеги институтунун өкүлү Дмитрий Тренин мындай дейт:

- Менимче, Кытай үчүн “Шанхай кызматташтык уюму” - Борбордук Азия аймагы дегендин эле башкача аталышы. Дал ушул уюмдун аркасында Кытай Борбор Азиядагы коопсуздук жана өнүгүү маселелерин аймактагы өлкөлөр жана Орусия менен теңата деңгээлде талкуу кылууга жана чечүүгө катыша алат.

Азыркы Бээжин ал гана түгүл капиталисттик Гонконгду “бир мамлекет, эки башка система” урааны астында өз бооруна тартып алды.

“Ассошиейтед пресс” агенттигинин кабарчысы, жаш кезинде Цзян Цин айымга бир нече ирет жолуккан Жон Родерик (John Roderick) карыя Нью-Мексикодогу жаңы операнын премьерасынан улам суроо салат: "Деги, арааны ачылган Мао айым 1976-жылы бийлик тизгининен ажыратылбаса, бүгүнкү Кытайда саясий кырдаал кандай болоор эле?" Баяныбызды дал ушул суроону ачык бойдон калтыруу менен аяктайлы.
XS
SM
MD
LG