Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:06

ЭЛ АРАЛЫК УКУК КОРГОО УЮМДАРЫ КАНДАЙЧА ТҮПТӨЛГӨН?


Айданбек Акмат уулу, Прага шаары «Эмнести интернешнл» жана «Хьюман райтс уотч» уюмдары дүйнө жүзүндө адам укуктарынын бузулушу боюнча ар кыл иликтөөлөрүн, баяндамаларын чыгарып турушат. Деги бул уюмдар качан уюштурулган, алар маалыматты каяктан алышат жана кандай баалашат? Азыркы учурда алардын алдында кандай маселелер турат?

1961-жылы Португалияда студенттер тобу ресторандан «эркиндик» үчүн тост көтөрүп ичкендиги үчүн камакка алынганын лондондук юрист Питер Бененсон гезиттен окуп калат. Мына ушул окуя Питер Бененсон жана башка ага тилектеш юрист, журналисттердин «Лондон обсервер» гезити аркылуу студенттерге мунапыс берүү талабы менен чыгуусуна түрткү берет. Алар 6 студентти саясий ынанымы үчүн камоо дүйнө жүзүндө мындай терс көрүнүштөрдүн өсүшүнө алып келерин айтып, өкмөттү студенттерди чукул арада бошотууга чакырат. Гезит өз кезегинде өкмөттүн бул ишке кийлигишүүсүн талап кылган каттардын өнөктүгүн уюштурат. Ошондон тарта «Эмнести интернешнл» уюму түптөлө баштаган.

Бүгүнкү күндө бул уюм - дүйнөнүн чар тарабында адам укугун коргогон кубаттуу уюм. Анын 100дөн ашуун мамлекетте бир миллиондон көп мүчөсү бар. «Эмнести интернешнл» азыркы убакта камактагы адамдардын укугун коргоо, кыйноолорго жол бербөө үчүн, ошондой эле саясий себептен киши өлтүрүүлөргө, дайынсыз жоголуп кетүүлөргө каршы жана өлүм жазасына биротоло чекит коюу максатында иш жүргүзүүдө. Уюм жыл сайын 140тан ашык мамлекеттердеги адам укуктарынын абалына байланыштуу маалымат таратып турат. Анын ичинде Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы боюнча да ырааттуу маалымат таратылат.

Ал эми Америкада жайгашкан «Хьюман райтс уотч» уюму мурдагы социалисттик мамлекеттердеги адам укуктарынын сакталышына байкоо жүргүзүү максатында Хельсинки макулдашуусуна ылайык уюшулган. Анын толук кандуу иштеген 150 кызматкери бар жана бул уюм дагы дүйнөлүк масштабда адам укуктарынын сакталышына байкоо жүргүзөт. «Хьюман райтс уотчтун» Москвада, Ташкентте жана Тбилисиде кеңселери бар.

Бул уюмдар асыресе жазалоочу, авторитардык режимдерди көп сынга алып келет. Бирок демократия бекем курулду деген мамлекеттерди да алар сынга алган учурлар аз эмес. Маселен, 2001-жылдагы террордук актылардан кийин Америка бийлиги 1200 кишини камакка алганда, «Эмнести интернешнл» 2002-жылкы отчетунда АКШ өкмөтүн сынга алган.

«Эмнести интернешнл» уюмунун иштөө тартиби тууралуу анын Борбордук Европадагы иликтөөчүсү Еван Фишер мындай дейт:

- Биз кайсы бир мамлекетте орун алган адам укугун олуттуу бузуу фактысын алып, аны иликтөө менен ал өлкөдөгү жалпы эле адам укуктарынын сакталышынын абалына, анын андан аркы өнүгүшүнө назар салабыз. Эгерде кайсы бир кишиге байланыштуу укук бузуу «Эмнести интернешнл» уюмун өтө тынчсыздандырса , аны да отчетубузда чагылдырабыз.

«Эмнести интернешнлдин» жер-жерлерде бөлүмдөрү, кабарчылары жана иликтөөчүлөрү бар. Алар дыкат текшерилген маалыматты уюм борборуна жиберет. Еван Фишердин айтымында, кандайдыр бир катачылыкка жол берилбөөсү үчүн жер-жерлерден келген маалыматтар катуу текшерүүгө алынат.

«Эмнести интернешнл» уюмунун Ташкенттеги бөлүмүнүн жетекчиси Матилда Богнер Өзбекстанда иштөөнүн кыйынчылыктары тууралуу буларды билдирди:

- Көп адамдар бул жакта укугу бузулгандыгына байланыштуу кимдир бирөөнү түз айыптоого даабайт. Алар атын ачыкка чыгаргысы келбейт. Анткени жазадан коркушат, биздикиндей уюмдар менен баарлашуудан улам боло турган жазадан да коркушат. Бирок биз аларды псевдоним аркылуу ачыкка чыгарабыз. Алардын маалыматына ишенебиз, анткени иликтөөлөрүбүз, алган маалымат булактарыбыз ошолорду далилдеп жатат.

Анын айтымында, «Эмнести интернешнл» Өзбекстанда саясий жактан куугунтукталгандарды эле эмес, диний ишеними үчүн кысымга дуушар болгондорду да коргоого алууда. Андан сырткары уюмду айыл чарбасында балдардын эмгегин пайдалануу көрүнүштөрү да тынчыздандырууда. Мына ушул сыяктуу багыттарда «Эмнести интернешнл» жана башка укук коргоо уюмдары өз ишин жүргүзүүдө.
XS
SM
MD
LG