Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:35

ПАЛЕСТИН ЖЕРЛЕРИНДЕ БЕЙКУТТУК КЫЛДЫН УЧУНДА ТУРАТ


Израилдин премьер-министри Вашингтондо АКШнын президенти менен жолугуп, Израилдин палестиналыктар менен элдешүү аракеттеринин күңгөй-тескейин талкуулап кайтты. Ал эми палестиналык аймактарда бийликтин алсыздыгынан улам саясий тирешүү жана зордук-зомбулук күн санап тереңдеп барат.

Вашингтондо ушул шейшемби күнү Изриалдин өкмөт башчысын кабыл алганда, АКШнын президенти анын тынчтык демилгелерине жогору баа берди. Ариэль Шарондун өкмөтү жакын арада 540 палестинди абактан бошоторун жарыялаган.

Жорж Буш ошондой эле эки жылда Палестина мамлекетин түзүүнү караган тынчтык планынын келечеги Израилдин коопсуздугуна жана израил элине каршы чабуулдардын токтошуна көз каранды болоорун эскертти:

- Бейкут Палестин мамлекетинин жаралышы жана Израилдин узак мезгилдүү коопсуздугу экөө тең террордук топтордун коркунучун нейтралдап, көкүтүү менен жек көрүүчүлүктү токтотууга жараша болот, - деди Буш.

Арийне, палестиналык аймактарда деле абал тынч эмес. Батыш Жээктеги Рамалла шаарында палестиналык куралчан туш келди ок ачканда, Амне Мансур деген аял ажал тапты. Ал колундагы ымыркай баласы менен кошо көмкөрөсүнөн кулаган бойдон жүрөгү сокпой калды. Коңшулаш Женин шаарында палестин президенти Ясер Арафаттын Фатх кыймылы менен ыламасы бар куралчан жергиликтүү акимди беш саат кармап, эл алдында уруп-тепкиледи. Газа Тилкесинде куралдуу топтор айрым чөлкөмдөрдү басып алып, куралдын күчү менен эл башкарып турушат.

Ошентип, Батыш Жээкте жана Газа Тилкесинде көз карандысыздык үчүн күрөштүн үчүнчү жылында палестиналык территорияларда баш-аламандык өкүм сүрүүдө. "Өлкө анархиянын туңгуюгуна түшүп кетүүнүн алдында турат",- дейт палестиналык аналитик Али ал-Жирбави.

Президент Ясер Арафат Батыш Жээктеги Рамалла шаарында жөөт аскерлери камалаган штаб-квартирасынын кыйрандысында баш калкалап күн өткөрүүдө. Анын коопсуздук күчтөрү кансырап, алдан-күчтөн тайды, ал эми палестин бийлиги ыдырап, жер-жерлердеги кырдаалды башкара албай калды. Арафат менен жакында бекиген премьер-министр Махмуд Аббастын ортосундагы бийлик үчүн таймаш коомдун бөлүнүп-жарылышына алып келди.

Наблус, Женин жана Газа шаарлары сыяктуу жерлерде мыйзамдуулуктун жана тартиптин солгундашы элди жүрөк заада кылып, палестин өкмөтүнө да, Израилге да тиш кайроо күчөдү. Израиль Батыш Жээктин узун-туурасынан өткөн жолдору тосмолоп, аскерлери шаарларды курчап турат.

Кимден жардам күтөрдү билбеген карапайым палестиндер курал кармагандарга корголоп жашоого мажбур.

АКШ колдогон жаңы тынчтык планына ылайык, Израиль Батыш Жээктеги шаарлардан аскерлерин алып кетип, жол тосмолорун алып салууга тийиш. АКШга барганда премьер-министр Ариэл Шарон палестин жерлеринин Израиль менен чек арасын бойлото дубал куруу улантылат деп билдирди. Бирок Бетлехем шаарынан жана Газа шаарынын түндүгүнөн аскер чыгаруу башталып жатат. Аскерлер ошондой эле бир нече текшерүү бекеттерин бузушту.

Жирбавинин айтымында, палестин бийликтери мыйзамдуулукка жана тартипке негизделген жарандык коомдун пайдубалын түптөй алган жок. Израиль тынчтык жараянында палестин элине сезирээрликтей иш жүргүзбөсө, жаңы өкмөт башчысы Аббас көпкө туруштук бере алаары күмөн.

Бир кезде палестин бийликтеринин таянар тоосу болгон "Фатх" кыймылынын бөлүнүп-жарылышы баш-аламандыктын дагы бир себеби болууда. "Фатхты" изилдеген Ханан ал-Вазирдин сөзү боюнча, "Фатх" революциячыл кыймылдан өкмөттү башкарууга жөндөмдүү саясий партияга өтүүнүн стратегиясын иштеп чыгып, ырааттуу ишке ашыра алган жок. 2000-жылдын сентбярында башталган интифаданын тушунда, уюмдун ичтен ыдырашы күч алды. "Биз жаңы канга муктажбыз. Эски жетекчилик ишенимден кетти", - дейт "Фатх" уюумуна кирген куралдуу топтун мүчөсү Салех Нассар. Насар палестин бийлигинин формалдуу жетекчиси бойдон кала берип жаткан Ясер Арафат жана "Фатхтын" борбордук комитети отставкага кетиш керек деп эсептейт. "Фатхтын" айрым мүчөлөрү премьер-министр Аббасты колдошот. Азыр Израилдин түрмөсүндө отурган ал-Баргути убагында "Фатхтын" ичинен реформа баштаган эле. Кокус боштондук алып калса, уюмдун чачыранды мүчөлөрүн кайра баш коштуруп, ишти жөндөп кете алмак.
XS
SM
MD
LG