Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:47

КОШ БОЙЛУУ АЯЛДАРДЫН АБАЛЫ


“Дүйнөдөгү эң сулуу, эң назик аялзаты - кош бойлуу эне» деп айтылат. Анткени кош бойлуу аял өз боюна, өз турпатына табышмактуу жаңы өмүрдү – бала деген ажайып аруу дүйнөнү сиңирип турат. Бирок бүгүнкү күндө ошол сулуулук көп бааланбай, кыргыз үй-бүлөлөрүндө эне менен бала көп жабыр тартууда.

Аял менен эркектин никеге туруп, баш кошушунун негизи - бала көрүүдө, аны сүйүп чоңойтуп, тарбиялоодо. Илгертен кыргыз эли үй-бүлөнү ыйык сактап, бар тапканын балага кармап, жашоонун маңызын бала сүйүп, аны бапестеп чоңойтуп, эрезеге жеткирүүдө деп билген. Ал эми бүгүнкү күндө кыргыз коомчулугунда айрыкча кыргыз үй-бүлөлөрү көп көйгөйлөргө кабылып, эне менен бала жабыр тартууда. Бул маселе боюнча социология илимдеринин кандидаты Топчугүл Жолдошевна Шайдуллаева менен пикирлештик.

- Кыргызстанда мындан 10 жыл мурда ар бир онунчу бала никесиз төрөлсө, бүгүн ар бир үчүнчү бала никесиз төрөлүп жатат, - дейт Топчугүл Жолдошевна. - Никесизи эки эсе көбөйүптүр. Мунун өзү үй-бүлөнү ыйык туткан элде кризистик көрүнүш болуп саналат. Мындай жагдай кош бойлуу учурдун жакшы өтүшүнө кедергисин тийгизет. Мындай шартта аял моралдык жактан, материалдык жактан көп басынат.

«Кайсыл элдин жүдөө болсо зайыбы, ошол элдин уулуна кой айыпты» деп кыргыз эл акыны Майрамкан Абылкасымова жазгандай, учурда эң аялуу кош бойлуу аялзатына да тиричиликтин оор ташпиши түштү.

- Бүгүнкү күндө эртең эне болчу келиндерибиз туура эмес мамиледен, туура эмес турмуш шартынан көп кыйналууга учурап атат. Кош бойлуу аял камкордукка алынышы керек. Медициналык кароодон өтүшү керек, тамагы, кийими жакшы болушу керек. Бул түйүлдүктүн жакшы болуп өсүшүнө шарт түзөт. Биздин аялдар ошондой камкордуктан алыс болуп калып жатышат. Мунун башкы себеби - жакырчылык. Жакырчылык аялдарды үйгө отургузбай калды. Кош бойлуу аялдар базарда, тамеки, пахта талааларында иштеп жатышат. Бул албетте, тиричилик. Бирок аял белгилүү деңгээлде түйүлдүктүн жакшы өсүшү үчүн эреже-тартиптерди сакташы керек, - дейт Топчугүл Шайдуллаева.

Кем-өксүгүң менен бир-эки саатка кире коюп чарчап, башың айланып чыккан базарда соода кылып отургандардын дээрлик 80% - аялдар. Бал сатып отурган кош бойлуу аялга суроо салдык:

- Кош бойлуу экенсиң, балаң да чоңоюп калыптыр. Эртеден кечке тикеңен тик туруп кыйналбайсыңбы?

- Кыйналам, айла жок, тиричилик.

- Бул биринчи балаңбы?

- Кызым бар.

-А күйөөң кайда?

- Ал үйдө бала карап отурат.

- Сенин ордуңа күйөөң отуруп, сен үйдө отурсаң болбойбу?

- Күйөөм сооданы эптей албайт, эптесе да ичип, же тияк-биякка жок кылып коёт.

Ошентип, алты саны аман эркек жылуу-жумшак үйдө, боюнда бар аял болсо эртеден кечке баш айланткан базарда…

- Менталитет дейбизби, маданият дейбизби, биз кыздарыбызды уяң, тартынчаак кылып тарбиялайбыз. Айрыкча элет жеринде өздөрүнүн боюнда болгонун да жашырышып, корунуп, басынып жүрүшөт. Биздин аялдар Батыш мамлекеттериндеги аялдар койчу талапты кое албайт, күйөөсүнө. Аларда түйүлдүктүн бойго бүтүшү эле чоң окуя катары кабыл алынат. А биздин кыз-келиндер бардык кыйынчылыктарды унчукпай көтөрүшүп, ичтен сызып, өздөрү менен өздөрү болуп жүрө беришет. Бул биздин аялдарга болгон мамиленин натыйжасы болсо керек. Улутубуздун генефондун ойлонуп, кош бойлуу аялзатына аяр мамиле жасоону эске алсак. Дегеле дүйнөдөгү эне-баланын статусу жыл өткөн сайын көтөрүлүш керек, бааланыш керек, себеби муундар өскөн сайын төрөлүү азайып баратат, - дейт социология илимдеринин кандидаты Топчугүл Шайдуллаева.
XS
SM
MD
LG