Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:43

ЧЕТ ЭЛДИК МЕРГЕНДЕР ҮЧҮН ӨКМӨТ ЖАҢЫ ТОКТОМ ЧЫГАРДЫ


Чолпон Орозобекова, Бишкек Кыргызстанда «Кызыл китепке» кирген сейрек жаныбарлардын саны соңку жылдарда азайып баратканы байкалат. Былтыр Жогорку Кеңештин депутаттары жана Нарын дубанынын калкы президентке кайрылуу жазышкан. Анда жергиликтүү жана чет элден келген аңчылар бул сейрек жаныбарларды аеосуз кырып атканы айтылган болчу. Бул кайрылуунун изи менен былтыр атайын комиссия түзүлүп, жыйынтыгында Нарында чет элдик мергенчилерди тейлеген бир нече фирма жоюлганы болбосо, олуттуу деле өзгөрүү болгон жок. Кыргыз өкмөтү өткөн аптада чет элдик жарандар тарабынан жапайы жаныбарларга мергенчилик кылуунун эрежелери жөнүндө токтом кабыл алды.

Кыргызстанда аркардын эки түрү бар. «Кызыл китепке» кирген «Теңиртоо аркарын» атууга таптакыр уруксат жок. Ал эми андан бир аз саны көбүрөөк «Марко Поло» түрүн жыл сайын чет элдик мергенчилерге 70тен 80ге чейин аттырууга болот. Кыргызстан мамказынага киреше түшүрүү максатын көздөп, 1990-жылдардан бери чет элдик мергенчиликти турмушка кийирген. Бирок, мындай аңчылыктан казынага күткөндөй каражат түшпөй, чакан чөйрөлөрдүн майлуу бизнесинин очогуна айланды. Чет элден кыргыз тоосунун аркарына же тоо текесине кызыккан мергенчилерди таап, ортомчулук кылчу фирмалар жайнап кетти. Нарында эле мындай фирмалардын саны 50гө чукул. Ал эми аркар-кулжасы көп Атбашы районунун эли былтыркыдай кайрылууну быйыл да өлкө башчысына жолдошту. Кайрылууга кол койгон Атбашы айылдык кеңешинин депутаты Чоробек Байгазаковдун айтымында, «чет элдиктер кырып атса, эмнебиз кем» деп, нарындыктар аркар атууну өнөр кылып алышты. Атбашынын базарларында «кийиктики» деп 40 сомдон эт сатылаарын мурда да кабарлаган элек. Атбашылыктар кыргыз бийлигинен аркар-кулжаны жана тоо текени атууга мораторий жарыялоону суранышууда.

- Атбашынын бюджетине мындан бир да тыйын түшпөйт. Доллар деген кыйын тура, буга бир топ чиновниктердин, депутаттардын да тиешеси бар. Атактуу Аксай, Арпай жайлоолорунда аркар, тоо теке деген калбай калганы калды, - дейт Чоробек Байгазаков.

Чет өлкөлүк мергенчи үчүн бир аркарды атыш 7 миң доллар турат. Ал эми тоо текеге 1200 доллар төлөшү керек. Өсүмдүктөр жана жаныбарлар ресурсун көзөмөлдөө департаментинин жетекчиси Жакыпбек Дүйшөмакуновдун билдиргенине караганда, мамлекеттик казынага буга чейин күткөндөй каражат толук түшкөн күн болгон эмес. Жеке фирма ээлери ошол 7 миң доллардан тейлөө кызматын, тамак-ашына кеткен чыгымды кыркып алышчу да, бюджетке аз киреше артып калчу. Дүйшөмакунов мырза мындан кийин фирмалар мамказынага жаныбардын турган баасын толук төгүп, мергенчинин жашаганына кеткен чыгымды өзүнчө өндүрүп алуу сунушу менен чыгып атат. Бирок, азырынча бул маселе ачык бойдон. Быйыл токой чарба башкармалыгы чет элдик мергенчилерге 70 аркар атууга уруксат берди. Демек, казынага аркардан эле 490 миң доллар таза киреше түшүшү керек.

«Чет элдиктер келип, сейрек жаныбарларды каалашынча кырып атат» деген ойду жокко чыгаргандар да бар. Нарын шаарындагы мергенчилик коомунун башчысы Сулайман Бошкоевдин айтымында, чет өлкөлүк жаранды, маселен, Аксай жайлоосуна алып барганда, ал дүрбү менен өзүнө жаккан аркарды тандайт. Ал эми жергиликтүү мергенчилер чет элдик конок мелжеген аркар бар үйүрдү айдап келип бир коктуга кийиришет. Ошол учурдан пайдаланып чет элдик мергенчи өзүнө жаккан аркарын атып алышы керек. Мына ушул учур көп суроолорду пайда кылат. Эгер ал жаза-тайып бир нече аркарды жарадар кылып салсачы? Өлтүрүп салышы деле толук мүмкүн да. Жакыпбек Дүйшөмакуновдун айтымында, андай учурда ал мерген жарадар кылган же өлтүргөн аркардын толук наркын төлөйт:

- Эгер чет элдик мергенчи ашыкча аркарды өлтүрүп алса же жарадар кылып алса, ордун толтуруп акча төлөйт. Негизи чет элдиктерге мүйүзү узуну жагат. Адатта андай узун мүйүз карып калган кийикте болот. Ошондуктан «чет мамлекеттен келгендер оор жоготууга алып келүүдө» деш туура эмес.

«Кыргызстандын түштүгүндөгү чек ара бекеттеринде аскерлер тоо жаныбарларына мергенге чыгышат» деген да маалыматтар бар. Журналист Улугбек Бабакуловдун билдиргенине караганда, Чоңалай, Лейлек өңдүү чек ара бекетинде кызмат өтөп аткан аскерлер кардын тойгузуш үчүн аркарга, эликке жана тоо текеге аңчылык кылышат. Улугбек Бабакуловдун билдиргенине караганда, Баткенде былтыр эки аскер каны муздай элек эки тоо текени сата албай жүргөн жеринен колго түшкөн да окуя болгон.

Чет элдиктерди аңчылык кылдырып аткан фирмалардын өзүндө да мыйзам бузуулар болуп атат. «Улар» фирмасы жасалма документтер менен берилген, чектен ашык бир нече аркардын кебин алып чыгып баратканда колго түшкөн. Ал эми америкалык 17 мергенчи фирмалардагы башаламандыктан улам тыйынын төлөп өздөрү атып алган олжосун үйүнө алып чыгып кете албай, убараланган күндөр да болгон.

Кыргыз өкмөтүнүн жаңы токтомуна ылайык, чет элдик мергенчи Кыргызстанда бардык документтерди толтуруп бүткөндөн кийин өз ысмына жазылган уруксат кагазы колуна тиет. Эң негизгиси - ал мергенчилик кылып атканда Токой чарбай кызматынын өкүлү байкоочу болуп карап турушу керек. Токтомдун жаңы тартиби ушул. Токой чарба кызматында маалым болгонго караганда, мындай адистердин баарын өз көзү менен карап турушу ар кандай тартип бузууларга бөгөт коймокчу. Учурда Кыргызстанда, айрым маалыматтарга караганда, 40 миң, кээ бир булактарга таянсак - 15 миң аркар бар. Былтыр Президенттин иш башкармалыгы аркардын так санын эсептеп чыгыш үчүн беш жылдык программаны баштаган. Ага тартылган окумуштуулар аркар, кулжа, тоо текени санап чыкмак болушту. Бүгүнкү санын так айтыш кыйын болгон менен, атбашылыктардын баамында, мергенчилик бүгүнкү калыбында улана берсе, бул жакта Кайберендин тукуму үзүлүп калышы ыктымал. Атбашынын тургуну Чоробек Байгазаковдун айтымында, жок дегенде эки жылга атууга тыюу салбаса, бул сейрек жаныбарлар тукум курут болуп калышы мүмкүн. «Тээ чет мамлекеттен келип бирөөлөр «Жип» менен, вертолет менен кырып атса, «биз мындай эле, ат менен жетип эле атып алабыз» деп, жергиликтүү калк кыра баштады» дейт ал. Былтыр Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйыны бул жаныбарларга аңчылык кылууга мораторий жарыялоо тууралуу өкмөткө сунуш кылган. Бирок, өкмөт буга муюган жок.

XS
SM
MD
LG