Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:48

ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРЫНА ТЕСТИРЛӨӨ ЖОЛУ МЕНЕН КАБЫЛ АЛУУНУН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ


Жогорку окуу жайларына бюджеттен бөлүнгөн каражатка билим алыш үчүн бөлүнгөн 5080 орунга абитуриенттерди тестирлөө жолу менен кабыл алуунун жалпы республикалык жыйынтыгы 30-июлда чыгарылды. «Абитуриенттерди тест жолу менен кабыл алуу системасы жогорку окуу жайларындагы паракорлукту жана коррупцияны жое алабы?» деген суроого алгачкы жооп алынды. Билим берүү жана маданият министрлигинин өкүлдөрү сынактын мындай жол менен жүрүшүнүн артыкчылыгын белгилеп, билимдүү улан-кыздарды тандап алууда жаңы ыкма оң жыйынтыктарды бергенин айтышса, айрым эксперттер тестирлөөнүн жүрүшүндө кеткен кемчиликтерди белгилешүүдө.

“Жогорку окуу жайларына тест аркылуу кабыл алуу системасы жакшы окуган улан-кыздарды тандап алууга жана коррупциянын, паракорлуктун тамырын кыркууга ыңгайлуу жол катары өзүн көрсөттү», - деп билдирди «Азаттык» радиосунун кабарчысына билим берүү жана маданият министри Ишенгүл Болжурова.

- Менимче, быйыл тест аркылуу кабыл алуу обьективдүү, калыс өттү. 5080 орунга өткөндөрдүн 99% жакшы окуган, өзүнүн күчү менен тестти ийгиликтүү тапшыргандар деп ойлойм. Бул система коррупцияга каршы күрөшкө да ыңгайлуу болуп чыкты. Анан, тесттин негизги максаты – таланттуу айылдык балдарды колдоо болчу. Себеби, начар жашоо, оор турмуш айыл жеринде. Айылдык таланттуу балдардын көбү жогорку окуу жайларына өтпөй калышчу. Мендеги маалымат боюнча, окууга өткөндөрдүн 75% айылдык балдар болду, - дейт министр Ишенгүл Болжурова.

Жалпы республикалык тестирлөө Кошмо Штаттардын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) жана Эл аралык билим берүү кеңешинин (ACCELS) көмөгү менен эки жылдан бери жүргүзүлүүдө. Быйыл өлкөнүн 83 булуң-бурчунда май айында башталган тестирлөөгө 34 миң бүтүрүүчү катышты. Тестирлөөнү АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID), Эл аралык билим берүү кеңешинин (ACCELS) жана Билим берүүнү тестирлөө кызматынын (ETS) өкүлдөрү жүргүзгөндүктөн, эл арасында «абитуриенттерди тандап алуу акыйкат жүргүзүлдү» деген пикир басымдуулук кылууда. Сынакка катышкан 34 миң бүтүрүүчүнүн ичинен 105 балл топтогон 20 миңден ашуун абитуриенттин колуна 5 талон берилди. 5 талон өзү каалаган беш жогорку окуу жайына же беш адистикти тандап алууга берилген мүмкүнчүлүк болду. Ал 20 миң бүтүрүүчү мамлекеттин эсебинен билим алуу максатында 5080 орунга ат салышты.

Быйылкы жылдын өзгөчөлөгү ушул болду – 2003-жылдын 29-мартында президент Аскар Акаев кол койгон жобого ылайык абитуриенттер 5 тайпага бөлүнүп, ар бир тайпада өзүнчө конкурс болду. Ага ылайык, Бишкек шаарынын, облус борборлорунун, чакан шаарлардын, айыл мектебинин бүтүрүүчүлөрү жана жеңилдиги бар бүтүрүүчүлөр өз-өзүнчө болуп, беш тайпада күч сынашты.

Билим берүү жана маданият министрлигинин жооптуу кызматкери Евгения Чубукованын айтымында, конкурстун биринчи айлампасы 7-июлдан 15-июлга чейин өтүп, анын жыйынтыгында сынакты ийгиликтүү тапшырган 2318 бүтүрүүчү каалаган жогорку окуу жайынын студенттери болуп калышты. Ал эми 16-июлдан 23-июлга чейинки өткөн экинчи айлампанын жыйынтыгында 2190 абитуриент студенттик күбөлүккө ээ болушту. 30-июлда аяктаган 3-айлампада 778 орун талашка түштү. Конкурс өзгөчө Кыргызстандын эл аралык университетинде, Кыргыз-орус (Славян) университетинде чоң болду. Дале болсо экономика, юрисдикция жана компьютердик технологиялар адистиктерине ат салышкандар арбын.

АКШнын Эл аралык билим берүү кеңешинин же АКСЕЛСтин ырасмий өкүлү Тод Драммонддун айтымында, бүтүрүүчүлөрдү тандап алуунун бул ыкмасы бир катар артыкчылыктарга ээ.

- Өкмөткө да, Билим берүү министрлигине да баш ийбеген көз карандысыз тестирлөө кызматынын тест жүргүзгөнү жакшы. Анткени тесттин жүрүшүнө таасир этүүнүн жолдору болбойт. Бул бир. Экинчиден, Билим берүү министрлиги жакшы жобо иштеп чыккан, ага ылайык тестирлөөгө көз карандысыз байкоочулар да катышууга мүмкүнчүлүк алышты. Окууга кабыл алуунун мындай ачык өтүшүнө ата-энелер ыраазы. Негизинен, эл колдоого алып жатат, - дейт Тод Драммонд мырза.

«Тестирлөөнүн жүрүшүндө кемчиликтерге жол берилди» деп сын пикир айткандар да жок эмес. Чүй университетинин ректору Султан Мамбеткалиев бюджет эсебинен кармалуучу 5000 орун мамлекеттик окуу жайларына гана тийип, андай үлүштөн өлкөдөгү 15ке жакын менчик жогорку окуу жайлары кур калганын ортого салат:

- Жалпы республикалык тесттин жүргүзүлгөнү, бир чети, туура эле. Себеби, эч ким тааныбаган адам тестти алып, бул паракорлукту тыюуга түрткү болот. Бирок, жогорку окуу жайларына бөлүнгөн 5000 орунду жалаң гана мамлекеттик окуу жайларына берип коюшту. Адистерди мамлекеттик болобу, менчик жогорку окуу жайы болобу – ага карабай тегиз даярдап жататбыз да.

Дене тарбия университетинин ректору Абакир Мамытов болсо «тестирлөө системасы коррупцияны, паракорлукту жоюуга жакшы курал болгону менен, абитуриенттин колуна берилген талондордун саны үчтөн ашпаса жакшы болот эле» деген пикирде:

- Коррупцияны жоюуга, кабыл алуу учурундагы терс көрүнүштөрдү четтетүүгө бул ыкманын бир катар артыкчылыктары бар деген ойдомун. Бирок, быйыл абитуриенттин колунда 3 айлампа үчүн 5 талон болду. Менимче, айлампанын санына жараша талондун саны да үчтөн ашпаса логикага туура келет беле деген ойдомун.

Дагы бир кемчилик катары, «тестирлөө системасы тууралуу эл арасында так жана терең маалыматтар аз, ошол себептүү көпчүлүк ата-энелер жана бүтүрүүчүлөр тест системасына анча маани бербей жатышат» деген да пикирлер айтылууда.
XS
SM
MD
LG