Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:30

ПЕНСИЯ РЕФОРМАСЫ, ЧөНТөК ТЕЛЕФОН, ТОКМОК САЗЫ, ТЕСТ ЖЫЙЫНТЫГЫ


Кыргызстанда кыйладан бери пенсия системасын реформалоо жүрүп жатат. Саратан жайда эс алуучулар менен чөнтөк телефонуна кардарлар көбөйөт. Сазга айланып бараткан Токмок шаарынын тургундарынын үй көйгөйү кандай чечилүүдө? Жогорку окуу жайларынын бүйүжет бөлүмүнө кабыл алуу үчүн өткөрүлгөн республикалык тесттин жыйынтыгы эмнени көрсөттү? 19-июлдагы өнөктөштөр форумунда гезитти сотко бергиси келген чиновник кызматын таштап кетиши керектиги айтылды. Жаңы демилге колдоо табабы? Республиканын коомдук, экономикалык-саясий турмушундагы олуттуу окуялар кыргыз басылмаларында кандай чагылдырылып жатканы бүгүнкү басма сөз баяндамасында козголот.

: Кыргызстандагы пенсия системасында реформа жүрүп атканы, быйылкы жылы социалдык фондго 1 миллиард 750 млн. ашуун сом түшкөнү, социалдык камсыздоо фондусуна да акча арбын чогулганын республиканын социалдык фондунун төрагасы Акматбек Келдибеков 31-июлдагы «Общественный рейтинг» гезитинде жарыя кылды. Төраганын айтымында, социалдык фонддун мындан да арбын акча чогултуу мүмкүнчүлүгү чоң. Анткен менен учурдагы пенсия системасы ушу тапта иштеп аткандарды кызыктырбайт. Системаны реформалоого мамлекеттик эмес пенсия фондусу да өз үлүшүн кошуусу керек. Негизи, пенсия системасы мамлекеттин ээлигинде болгону оң.

Журналист Рената Есембаева Кыргызстандагы чөнтөк телефон байланыш тармагына кайрылган. Азырынча эки компания - кыргыз-америкалык «Кател» жана GSM оператору «Бител» экөөнүн иши жүрүшүп, бул жаатта ишкердик атаандаштык өкүм сүрүүдө, деп маалымдайт макала автору. GSM дүйнөнүн көп жерине тарап, анын кызматын 850 миллион адам пайдаланганы менен өтүмдүү система АКШ, Корея, Жапан базарларына кире алган жок. Анын үстүнө атаандаш эки компаниянын абоненттери жылдан-жылга арбып баратат. Бул Кыргызстанда базар-нарк мамилелери бекем социалдык-экономикалык таканчык алып калганын айгинелейт.

Кыргызстанга да грузиялык шайлоо системасы туура келеби, шайлоо комиссия мүчөлөрүнүн бешөө өкмөттөн, калган тогузу оппозициядан, Борбордук шайлоо комиссия төрагасын Европа коопсуздук жана кызматташуу уюму дайындашы оңбу, деген суроо менен гезит кабарчысы биртоп саясий ишмерлерге кайрылган. Парламент депутаты Зайнидин Курманов БШК төрагасын комиссия мүчөлөрү өздөрү шайлаганы туура деп эсептейт. Бишкек шаар кеңешинин депутаты Гүлмира Маматкеримова бул ишке өтө этияттык менен мамиле жасоо керектигин айтат.

Жарым жыл ичинде Кыргызстанды 138 ирет кырсык тооруп, 43 адам набыт болгонун экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы бейшембидеги «Вечерний Бишкек» гезитинде кабарлады. Жыл жаанчыл келип, жамгыр тынбай жаады, сел, суу ташкын, жер көчкү көп болду. Өзгөн районундагы Актерек айылында жер көчкү жүргөнү ушул эле гезитте маалымдалат.

Гезитте Улуттук статистика комитетинин маалыматынын негизинде даярдалган кабарга да орун берилген. Статистика комитетинин ырасташынча, арбын акча алчулар финансистер, банк, кредит союздарынын, камсыздоо компаниясынын кызматкерлери. Республикадагы орточо айлык акы 1683 сомду түзөт.
Табигый кырсыктан улам үйлөрүнөн ажырап, мамлекеттен жардам алалбай чатырда жашап жаткан токмоктуктардын абалы «Чатырда жашоо тажатты», деген кабарда баяндалган. Үй алдынан суу чыккан 23 тамда жашоо жараксыз экенин адистер мурда эле эскертишкен.

Жайкы эс алуудан кайткан «Аалам» гезитинин 1-августта жарык көрүүчү санында «Журналист» коомдук бирикмесинин жетекчиси Кубан Мамбеталиевдин маеги жарыяланууда. Анда көз карандысыз басылмаларды сот колу менен муунтуу аракети арбып баратканы тууралуу кеп болот. Ушуга үндөш тема Кубанычбек Сейдалиевдин макаласында да улантылат. Журналист Коргоочулар партиясынын жетекчиси Акбаралы Айтикеевдин гезиттер менен соттошкусу келген чиновниктердин кызматын өткөрүп бериши туура болорун ырастаган пикирине токтолуп, эгер ал ишке ашса андан сөз эркиндиги утар эле деген бүтүмүн чыгарган. Гезит автору Талант Бакаш уулу Майрам Акаева президенттикке татыктуубу, деген суроонун айланасында ой калчаган. Автордун айтымында, биринчи айым саясатта такшалып, эл көзүнө көрүнгөн инсан.

Жогорку окуу жайлардын бүйүжеттик бөлүмүнө студенттерди кабыл алуу тестинин жыйынтыгы тууралуу «Кыргыз руху» гезитинин 1-августта чыкчу санында Абдыкерим Муратов ой жүгүртөт. Анын айтымында, быйылкы тест сынак өткөн жылдагыдан дурус өттү. Тек, талапкерлер арасында тактык болуш үчүн аларды эки багыт боюнча, гуманитардык жана табигый илимдер жаатында сыноого койгон оң.
XS
SM
MD
LG