Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:04

Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Адахан Мадумаров палата депутаттарынын азыркы жүргүзүп жаткан иш-аракеттери, кыргыз-өзбек чек арасындагы чыр-чатактар, жер-жерлердеги элдин бүгүнкү көйгөйлөрү тууралуу «Азаттык» радиосуна айтып берди.

- Aдахан мырза, сиз жер-жерлерди кыдырып, эл менен жолугуп келиптирсиз. Кайсы жерлерде болдуңуздар? Элдин көйгөйлөрү эмнелер экен?

- Көптөгөн жолугушуулар болду. Биз Чоңалайга чейин бардык. Ал жерде элдин турмушу абдан начар. «Быйыл жыл кургакчыл болду десек көпчүлүк ишенбесе керек. Мына үч айдын жүзү болуп баратат, бир тамчы суу түшкөн жок. Быйыл дээрлик кайрак жерлерибиздин баары күйүп кетти» деген маселени айтып жатышат. Экинчиден, пенсияны, жөлөк пулду өз убагында алып туруу боюнча айтып жатышат. Пенсиянын өлчөмү башка маселе. Бирок өлчөнгөн пенсияны өз убагында алып туруу боюнча бир топ жылыштар бар. Тилекке каршы, «Кыргыз туусу» гезитин, болгондо да баасын 12 сомдон карыяларга таңуулап олтурган фактыларга күбө болдук. Биз сурадык, аким да сурады. «Эмне үчүн 12 сомдон?» - десек: «Бизге жогору жактан ошондой буйрук берилген», - деген жооп алдык. Ошол жерден почтанын башчысына «эч качан «Кыргыз туусу» пенсионерлерге сатылбасын» деген тапшырма берилди. Менимче райондун жетекчилиги тийиштүү чара көрүп, бул кайталанбайт деген ойдобуз.

- Сиздин байкооңузда элдин жашоосунда кандайдыр-бир өзгөрүүлөр барбы?

- Таптакыр эле өзгөрүү жок десек болбойт. Бир аз аракет кылгандардын, жерге ээ болуп калгандардын жашоосу өтүп атат десек болот. Башта жетекчи кызматтарда иштегендердин, анча-мынча бир жерден бирдемелерди алып калгандардын башта эле оокаттары тың. Дээрлик элдин 80-90% жашоосу оңолгондугун биз байкай алган жокпуз.

- Минтип сурап жатканымдын себеби – «өлкөдө жакырчылыкты жоюу боюнча кредиттер бөлүнүп, кедей үй-бүлөлөргө жардам берилип жатат» деген расмий маалыматтар бар. Ушундай ыкмалар калктын турмушуна кирип, кандайдыр-бир жакшы ийгиликтерди берип жаткан жерлерди көрө алдыңыздарбы?

- Андай маалыматтар бизде да бар. Мисалы, 9 миң, 10 миң кишиден турган айылдарда, 7-8 аялга кичинекей бир тигүүчү цехтерди ача коюшуп, же болбосо бирден эчки бере коюп жасалып жаткан иштер бар. Эми, 10 миң тургуну бар айылга 10 киши деген эмне? Ошо жердеги жашоочулардын айтуусу боюнча, 10 күн иштеп, 100 сом акча таба албаган учурлар болуп калып атат. Ошондуктан жакырчылыкты жоюу максатындагы жасалып аткан аракеттер, «комплекстүү өнүгүү» - булардын бардыгы кагаз жүзүндө калып кеткен кезектеги декларативдүү документтер деп айтат элем. Чүй боорунда, башка облустарда какырап калган жерлерди иштетүү боюнча мамлекеттик программаны иштеп чыгып, жери жокторду алып келсек, ошол Казакстанда жалданып жүргөн 30 миңге жакын киши мүмкүн ал жактагы кордуктарды көрбөстөн калып калаар беле деген ойдомун.

- Учурда «Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосунда дипломатиялык согуш жүрүп жатат» деп атышат. Өзбекстандын чек арачыларынын огунан өлгөн кыргыз жаранынын өлүмүнө байланыштуу ушундай пикирлер айтылууда. «Мындай абал улана берсе, коңшулаш жашаган эки элдин ортосунда мамиле ого бетер татаалдашып, чырга айланып кетиши алыс эмес» деген пикирлер бар. Сиздин пикириңиз кандай?

- Ошол чырлуу өңүттүн башында туруп атабыз. Биз тажиктер менен кыргыздардын ортосундагы чек ара маселеси боюнча бир топ адилеттүү чечимге жакындашып баратабыз. Өзбекстан менен маселе өтө чатак. Биринчиден, бул расмий Ташкендин «маселе биз айткандай чечилет» дегендей позициясы. Ага шарт түзүп берип жаткан биздин кыргыз жетекчилери болуп атат. Чек арада болгон инцидент биринчи жолу болуп жаткан жери жок. Канчалаган мал, адамдар өлүмгө учурап атат. Миналарды алып салуу боюнча маселелер коюлуп атат. Айрыкча Аксы району менен Өзбекстандын ортосунда, бир эле райондун аймагында өтө чоң талаш туудурган 42 жер бар. Мына ошол жактагы позицияларды бекемдешибиз керек эле. Биз комитетте эки жолу материалдарды даярдап, тийиштүү күч колдонуучу министрликтерди чакырып, президенттин алдындагы комиссиянын төрагасын чакырып, маселени кабыргасынан койгонбуз. Бирок, ошол комитеттен ары карай чыкпай калып атат. Эмнегедир жанагы коркоктук позициядагы идеологияны колдонуп калган, «алардан кетсе кетсин, бизден кетпесин» деген саясат жүрүп жатат. Бул Мекенди сүйүүчүлөрдүн позициясы эмес, ачык айтышым керек. Бул Кыргызстанга жакшылык алып келбей турган позиция болуп атат.

- Силер эл менен жолугушканда бийликтен, айрым бир жерлерден «булар элди туура эмес жакка баштап жатат, элди бузуп атат» деп айтылса, калктын ичинен эле айрымдары «биз абдан сонун жашап жатабыз» деген сөздөр да көп эле айтылды. Азыркы барып жолугушканда элдин көз карашы кандай болду дейсиз?

- Абдан туура суроо бердиңиз. Өзүбүзгө да сын көз менен карашыбыз керек. Үч-төрт жылдан берки айтылып келаткан сөздөр бүгүнкү күндө реалдуу ачуу чындыкка айлангандыгын эл түшүнүп жатат. Биз маселени ачык коюп жатабыз. Элдин бүгүнкү саясий деңгээли, активдүүлүгү бир аз өсүп баратат. Себеби, акыркы төрт-беш жылдан берки биздин айткан сөздөрүбүз бир жыл өткөндөн кийин бүт тастыкталып атпайбы. Мына, бир гана мисалды айтып коеюн. «Кыргызстанда эки палаталуу парламент болушу керек» деп референдум өткөрүүнүн алдында, ошондо да биз элди кыдырып чыкканбыз. «Эки палаталуу парламент Кыргызстанга эч бир жакшылык алып келбейт. Биз унитардуу мамлекетпиз, федеративдүү эмеспиз», - деп. Мезгил көрсөттү, жети жылдан кийин ушуга келүүгө мажбур болдукпу? Жети жылдын ичинде канчалаган жоготууга учурадык! Экинчиден, «Телекомду» сатпаш керек эле. Кайсыл бир деңгээлде маалыматтык көз карандысыздыгыбыздын бир белгиси катарында айтып келгенбиз. «Телеком» сатылды. Болгондо да мына, «Бител» компаниясынын суммасындагы акчага сатылып отурат. 16 миллионго жетпеген акчага сатылды демекчимин. Азыр энергетика чоң стратегиялык багытта кетип атат. Биз «муну сатпайбыз, бирдиктүү тармак катарында сактап калыш керек» деп келдик. Бирок ал жерде иштеген жетекчилер «силер түшүнбай атасыңар, базар экономикасына өткөнбүз, өсөбүз» деп отурушуп, концепциясын жактырышып, алып бергенден кийин мына, энергетика тармагында иштеп жаткандар бүгүнкү күндө абдан нааразылык билдиришүүдө. Акыры банкроттукка алып барып, бир кишинин колуна өткөрүп берүү максатында жасалган. Эми Мадумаров айтып келген, айтып атат, айта берет. Бирок ошондон бир жыйынтык чыгабы деген маселе жатат. Менимче биздин элибиздин аң-сезими дагы, турмушта тутунган позициясы дагы жеткиликтүү эле сабак алышты. Өздөрү байкап, айтып отурушат. Мен ачык айтайын, элдин алдында чыгып сүйлөгөн сөзүмдө айттым. Биздин элибиз бактылуу жашаганга укугу жок. Эмне үчүн? Бактылуу жашаш үчүн эл күрөшүш керек. «Күрөш» дегенде сөзсүз эле колуна курал алыш эмес. Күрөшүш үчүн адам өзүнүн эркин, өзүнүн көз карашын, өзүнүн позициясын бекем тутуп, кимдин алдында болбосун ошого туруштук берип, ынандырыш керек. Мына ошондо гана мамлекет өсөт.

- «Эмнегедир оппозициялык маанайдагы саясатчылар дымый түшүштү. Же чарчаштыбы, же бийлик алдап койдубу?» деген сөздөр чыгып атат, элде…

- Ал сөздөрдүн болуп жатканы мыйзам ченемдүү. Биз акыркы мезгилде унчукпай койгонубуздун бир себеби бар. Эч качан бийлик бизди алдап да, сатып да алалбайт. Ачык айталы. Ушул эл өзү байкап көрсүнчү. Макул, «Ак Үй», КТР сайрап атышат, «мына ошол төрт-беш киши гана бизге тоскоолдук кылып атат, булар унчукпай эле койсо биздин Кыргызстан гүлдөп кетмек» деп. Мына, үч-төрт ай болуп калды, биз унчукпай койдук. Гүлдөп, гүлүн жыттап жата берсин. Эл эми кайра тескерисинче өздөрү айтып чыкты. «Эмне унчукпай калышты?» деп. Ушул болгонун болгон мезгилде айтып, көзүнө сайып көрсөтүп турсаң: «Эми турмуш ушуларга эле керекпи? Жөн эле отура бербейби. Эмне жетпей атат?» - деген эл. Кыйналган да эл. Биз унчукпай койгонубуздан мына, заман оңолуп кеткен жок. Бирок сентябрдан баштап бир топ орчундуу маселелер көтөрүлөт.
XS
SM
MD
LG