Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:12

САДДАМДЫН САРЫ ИЗИНЕ ЧӨП САЛЫП ИЗДЕШҮҮДӨ


Бүбүкан Досалиева, Прага АКШ Ирактын мурдагы президенти Саддам Хусейнди кармоого катуу киришип, анын эртеби, кечпи ишке ашаарына үмүттөнүүдө. Саддамдын уулдары Удай менен Кусайдын өлтүрүлүшү жана аларды жоктоп зарлап жаткандыгын билдирген Саддамдын үнүнүн угузулушу мындай үмүткө өбөлгө түздү. Ал эми Башкаруу кеңеши өз төрагасын тандап, Ирактын мындан аркы келечегин түптөөгө киришти.

Саддамдын эки уулу Удай менен Кусай өлтүрүлгөндөн бир жума өткөндөн кийин көрсөтүүлөрү араб тилинде чыгуучу «ал-Арабия” жана “ал-Жазира” телеканалдары Саддам Хусейндин тасмага жазылган үнүн угузган

“Бир тууганыңар Удай менен Кусай жана анын уулу Мустафа оо дүйнөгө кетишине байланыштуу силер менен аза бөлүшөм. Алар мусулман катары Алла-Талла каалагандай өлүштү. Бул Мосулдун Ум Рима бөлүгүндө ыйык казат жүргөн жерде болду. Алардын шейит кетиши досторубузду кубандырат, кас душмандарыбызды кызганычка батырат”,- деген Саддам Хусейн. Андан ары ал бардык ирактыктарды каапырларга каршы күрөшүүгө үндөп, Америка акыры жеңилээрине ишендирген эле.

Бул үн тасма угузулгандан кийин АКШнын чалгындоо кызматы тасмадагы үн Саддамдын өзүнүкү деген тыянакка келип, ал муну менен уулдарынын өлгөндүгүн мойнуна алгандыгын айгинелээрин билдирди. Анын негизинде эми АКШ бийлиги Саддамдын өзүн колго түшүрүүнү көздөп, анын колго түшөөрүн да бөркүндөй көрүп калды жана бул эң туура тандалган жол деп баалап жатат. АКШ аскер башчыларынын бирдиктүү комитетинин жетекчиси Ричард Майерстин айтымында, “Саддам бир аз убакыттан кийин кармалаары бышык, анткени, ирактыктар арасында АКШ аскерлерине ылым санап, анын кайда жашынып жаткандыгы тууралуу маалымат берүүгө ыкласын койгондор көбөйүп калды”.

Мына ошондой маалдыматтардын негизинде Борбордук чалгындоо башкармалыгынын “Таск Форс 20” деп аталган атайын тапшырма аткарчу отряды америкалык башка аскерлер менен бирдикте Саддамдын туулган шаары Тикриттин чет жакасындагы үч чарбаны тинтип чыгып, бирок, анын изин тапкан жок. Ага карабастан азыр Саддамдын сары изине түшүү аракети түн-күн тынбай жүргүзүлүп, тинтүү иштери мурдагыдан күчөтүлдү. Акыркы күндөрү ар кандай шек менен камакка алынган адамдардын саны 550 болду.

Шаршемби күнү, АКШнын Ак үйүндө өткөрүлгөн маалымат жыйынында президент Жорж Буш да: “Саддам сөзсүз колго түшөт, америкалык аскерлер массалык кыргын салуучу куралдарды табат жана АКШ Ирак менен Ооганстандагы өз миссиясын ийгиликтүү аяктап, терроризм менен күрөшө берет”, - деген ишенимин билдирди. Себеби, Саддам кармалса Ирактагы коалиция аскерлерине каршы күчтөрдүн деми биротоло басаңдап, демократиялык негиздеги жаңы Иракты түзүү аракеттери күч алмак.

Айрым байкоочулардын баамында, бирок, Саддамдын кармалышы менен эле Ирактын келечегинин пайдубалы бекем болоору али күмөн. Буга согуштан кийинки башаламандыктан пайдаланып, өз таасири менен бийлигин бекемдеп алууга далалаттанган шийилердин согушчандары менен контрабандисттер коалиция аскерлерине тымызын каршылык көрсөтүүсү мүмкүн деп жатышат.

Ушундан улам өлкөдөгү ар кандай диндер менен коом катмарларынын, калктардын өкүлдөрүнөн түзүлгөн Башкаруу кеңешинин натыйжалуу иштеп кетиши кылдын учунда турат. Башкаруу кеңеши болсо шаршембидеги жыйынында кеңештин төрагалыгына шийилердин “Дава” партиясынын лидери Ибрагим ал-Жафарини тандашты. Эми убактылуу министрлер тандалып, бир жыл ичинде жалпы элдик парламенттик шайлоо жүргүзүлүшү мүмкүн.

Мындай маанилүү иш-чараларга негиз берүүчү мыйзамдарды жана жаңы Ирактын конституциясын иштеп чыгуучу жумушчу топко мүчөлөр тандалууда. АКШ Ирактын өкүлдөрү менен бирге Ирактын мунай тармагын согушка чейинки калыбына жеткирүүгө багытталган бирдиктүү комплекстүү план иштеп чыкты. Наркы бир жарым миллиард доллар турган бул долбоор боюнча Иракта жылына эки миллион 800 миң баррел мунай өндүрүлүшү керек. Мындай өлчөмдөгү мунай Иракта согушка чейин иштетилчү.

XS
SM
MD
LG