Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:49

Чүй облусунун ички иштер башкармалыгы коомдук акцияны баштады


БИШКЕК. Чүй облусунун ички иштер башкармалыгы Чүй облусунун мамлекеттик администрациясы менен бирге «Тартип үчүн кызматташтык» деген ат менен коомдук акция баштады жана анын максаты милиция менен элдин ортосундагы мамилени жакшыртуу болуп эсептелет. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде 31-июлда өткөн маалымат жыйынында Чүй облсунун ички иштер башкармалыгынын жетекчиси, полковник Эркин Кангелдиев билдирди. Анын айтымында, милиция тууралуу эл арасында пикир жакшы эмес жана айлыгынын аздыгына, материалдык кыйынчылыктарга карабай милиция аткаруу, мыйзам чыгаруу жана сот бийликтеринин ортосунда калып, адилетсиз сынга кабылууда. Эл менен милициянын ортосундагы ажырымды жоюу максатында мындан ары Чүй облустук ички иштер башкармалыгында жана КТРде бейөкмөт уюмдардын, элдин жана журналисттердин катышуусунда жыйындар өтөт. Ошондой эле, жакынкы 2 ай ичинде «Коомдук тартипти чыңдоого коомчулуктун катышуусу жана маалымат саясаты» деген темада «тегерек үстөл» жыйыны уюштурулат. Ал жыйындарда айтылган сунуш-пикирлерди Чүй облусунун милиция кызматкерлери мындан аркы иштерде пайдаланышмакчы.

XS
SM
MD
LG