Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:47

Шанхай кызматташтык уюмунун аскердик машыгуусу өтөт


БИШКЕК. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстандын куралдуу күчтөрүнүн «Өз ара аракеттенүү-2003» деген аттагы антитеррордук аскердик машыгуусу 6-августтан 12-августка чейин Казакстандын жана Кытайдын аймагында өтмөкчү. Бул тууралуу меморандумга уюмдун коргоо министрлери үстүбүздөгү жылдын 29-майында Москвада өткөн жыйында кол коюшкан. Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Мирбек Койлубаевден 31-августта алынган маалыматка караганда, аскердик машыгуунун биринчи айлампасы 6-августтан 9-августка чейин Казакстандын Үчарал шаарына жакын аймакта өтөп, анда алты мамлекеттин биргелешкен аскердик күчү террористтик топторду жок кылуунун жолдорун иштеп чыгышат. 10-августтан 12-августка чейин Кытайдын Шинжаң уйгур автоном районун аймагында өтчү аскердик машыгуунун экинчи бөлүгүндө эларалык террорчулардын жатагын курчап, аны алып, ал жерде барымтада калгандарды бошотуу боюнча аракеттер иштелип чыгат. Аскердик машыгууга ар бир мамлекеттен атайын кызматтар, аба-аскердик, артиллериялык күчтөр, мотоаткычтар катышаары күтүлүүдө. Кыргызстандан курамында 30 адам турган аскерлер катышат. Мирбек Койлубаевдин айтымында, Шанхай уюмунун аскердик машыгуусу мындан ары дайыма өтүп турмакчы. Ал эми Кыргызстан адам укугун коргоо кыймылынын жетекчиси Турсунбек Акундун айтымында, Шанхай кызматташтык уюмунун аскердик машыгууну өткөрүшүнүн эч кандай кажети жок. Шанхай уюму Кытайдын таасирин күчөтүү максатында жана уйгурларга каршы түзүлгөн уюм болуп эсептелет, - дейт Акун

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG