Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:58

БУШТУН ЖАҢЫ БИЛДИРҮҮЛӨРҮ АНЫН САЯСИЙ САЛМАГЫН САКТАП КАЛА АЛАБЫ?


АКШ президенти Жорж Буш шаршембиде маалымат жыйынын өткөрүп, Америкага каршы жаңы террордук чабуулдар жасалышы мүмкүн экенин эскертти. Бир саатка созулган журналисттер менен жолугушуусунда америкалык президент Ирак, Иран, Жакынкы Чыгыш, АКШнын коопсуздугу, экономикалык абалы сыяктуу актуалдуу суроолорго жооп берди. Ал тапта ушул эле маселелерге байланыштуу президент Буштун саясаты АКШ Конгрессинде кескин сынга кабылууда.

- Америкага каршы карасанатайлыкка даяр "aл-Каиданын" калдыктары али бар. Бизди кубантканы, биринчиден, "aл-Каиданын" структуралык түзүлүшүнө сокку келтирип талкалай алдык, экинчиден, колго түшкөн адамдардан уюмдун болочок пландары тууралуу баалуу маалымат топтодук. Азыр биздин колубузда “ал-каидачылар” качан самолеттерду, эл аралык каттамдагы учактарды айдай качып, чабуул коюуга камданып жатканы жөнүндө айрым көрсөтмөлөр бар, - деп билдирди АКШ президенти. Ошол эле учурда ал Вашингтон ар кандай террордук кол салуулардан коргоно алаарына ишендире кетти.

Ирактагы согуш башталган март айынан бери алгачкы ирет журналисттер менен кең-кесири баарлашууга батынган Жорж Бушка бул ирет Саддам Хусейндин чыныгы коркунучу, Ирактагы согушка түрткү берген жагдайлар өңдүү жарга такаган суроолорго жооп берүүгө туура келди.

Мен Саддам Хусейндин массалык кыргын салуучу куралы болгонуна бөркүмдөй ишенем жана аны издөө иштери сөзсүз жемишин берет. Саддам убагында андай опурталдуу куралдарды өз элине каршы колдонгону тууралуу айкын далилдер бар экенин эсиңиздерге сала кетмекчимин. Тарых келечекте баарын өз ордуна коюп, биз Ирак боюнча туура чечим кабыл алганыбызды тастыктайт, - деди Жорж Буш.

Андан тышкары ал коалициялык күчтөр Иракта Саддамдын артынан сая түшүп издеп жатканын белгилеп, өзүнө мүнөздүү тамашакөй маанайда: "Биз ага канчалык жакындап калганыбызды айта албайм, бирок кечээкиге караганда бүгүн аралык кыйла азайганын ырастай алам", - деп тийиштүү суроодон оолактай кутулду. Америкалык жетекчи андан аркы сөзүндө Иран менен тирешүү тынч жол менен чечилээрине терең ишенимин билдирип, Түндүк Корея кризисин жайгаштырууга Жапония, Орусия, Түштүк Корея жана Кытайды активдүүрөөк катышууга үндөдү. Байкоочулар америкалык президент Ирактагы согуштун алдында Багдад Африкадан уран сатып алган деген Вашингтондун талаштуу маалыматы үчүн жоопкерчиликти өзүнө алганын белгилеп жатышат. Ал эми Жакынкы Чыгышка байланыштуу суроого жооп берип жатып, 2005-жылы көз карандысыз Палестина мамлекети түзүлөөрүнө терең ишенип турганын айтканы өтө маанилүү дешет.

Бир саатча созулган пресс-конференциясын Жорж Буш өзү Техастагы ранчосуна эс алууга кетээр алдында уюшулган жолугушуу катары ачса, айрым аналитиктер аны АКШ Конгрессинде соңку күндөрү Вашингтондун дарегине кескин сын пикирлер айтылып, америкалык президенттин эл арасындагы кадыр-баркы төмөндөй түшкөнүнөн улам өткөрүлдү деп айтып чыгышты.


Шейшембиде Сенаттын тышкы иштер боюнча комитетиндеги талкуу учурунда Буштун администрациясы Ирактагы согушка кеткен чыгымдар тууралуу калыс маалымат бербей жатканы сөз болуп, Американын катардагы салык төлөөчүлөрү келээрки жылы коротулчу каражат жөнүндө чынчыл маалымат алууга укуктуу экени айтылды. Конгресстеги нааразы пикирлер Американын маалымат каражаттарында президент Буштун саясатын сындаган материалдар менен коштолуп, коомдук пикирди сурамжылоо борборлору АКШ президентинин саясий бедели төмөндөй баштаганын билдиришүүдө.

Вашингтондук "Гэллап" борбору маалымдагандай, Иракта согуш жүрүп жатканда, америкалыктардын 70%ынан көбү өз президентине ишеним көрсөтсө, азыр андайлар калктын 58%ын түзөт экен. Ошондой эле "Зогби Интернешнл" фирмасы өз изилдөөлөрүнө таянып, жакын арада АКШда президенттик шайлоо өтсө, анда Буш демократтардын өкүлүнө уттурмак деп жарыялады. Ошол эле учурда аталган фирманын жетекчиси демократтар арасынан азырынча төбөсү көрүнгөн, элдин калың катмарын өзүнө тарта алчу татыктуу талапкер чыга элегин да белгилей кеткен.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG