Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:10

КЫРГЫЗСТАНДА БАСМА СӨЗДҮН АБАЛЫ КАНДАЙ?


Маалымат каражаттарынын республикалык биринчи конференциясы бейшембиде өз ишин аяктады. «Биз жаңылык даярдайбыз» деген ат менен өткөн бул конференциянын экинчи күнү жергиликтүү жана эларалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү Кыргызстандагы маалымат мейкиндигинин абалын секцияларда талкуулашты.

Кыргызстанда эгемендүүлүк келгенден бери 450 чамалаш маалымат каражаты каттоодон өткөндүгү, алардын басымдуу бөлүгү басма сөз каражаттары экендиги айтылып жүрөт. Бирок, журналисттердин Бишкекте өткөн конференциясындагы маалыматтарга караганда, Кыргызстан аймагында реалдуу иштеп жаткан көз карандысыз жана өкмөттүк маалымат каражаттарынын саны 80ден ашпайт. Алардын 11и облустук деңгээлде, 50 чамалашы райондордо туруктуу иштегендер. Бирок, гезиттердин ичинде окурмандын табитине, кесиптик талаптарга дал келген чыгаан маалымат каражаты сейрек учурайт. Бул ириде маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнүн чектелүүлүгү, техникалык жабдуулардын жардылыгы, журналисттердин кесиптик жөндөмүнүн төмөндүгү, өкмөттүк гезиттерге мамлекеттик колдоонун жоктугу менен байланыштырылат. Маселен, республикадагы аймактык мыкты гезиттердин катарында турган, Карабалта шаарында 10 миң нускада чыгуучу «Вести» жумалыгынын редактору Максим Клименконун айтымында, эркин гезитти чыгаандардын арасына кошуу чоң каражатты талап кылат. Буга окурмандар өздөрү жол бербейт. Анткени, алардын сатып алуу мүмкүнчүлүгү чектелүү. Экинчи бир проблема – жазылбаган жергиликтүү мыйзамдардын чегинен чыга албастык.
- Азыр мага «Кыргыз почтасы» гезит үчүн 50 миң сом карыз,- дейт Клименко.- Бирок, анын акчасы жок. Гезитиңерди пенсияга таратып атабыз, деп айтышат. Бизде келишим бар, ага ылайык мен сотко берип, уюмдан айыппул төлөтүп алууга акым бар. Бирок, мен алар менен жашап, иштешим керек деген түшүнүккө байланып, мындай ишти жасай албайм.
Жогоруда белгиленгендер - Кыргызстандагы аймактык басма сөз каражаттарына таандык проблемалардын бир өңүтү.
Конференцияда борбордон чыгуучу гезиттердин мазмун жана формалык сапаттарына карата да кескин сын-пикирлер айтылды. Көпчүлүк журналисттер маалыматтын күрөө тамырын кармай алышпайт, дешет айрым катышуучулар. Мындай пикирге кайчы көз караштагы журналисттердин бири - «Журналист» коомдук бирикмесинин жетекчиси Кубан Мамбеталиев. Анын айтымында, мыкты адистерди топтоо редактордун жөндөмүнө байланышкан иш. Мыкты журналисттерди топтоп, ал аркылуу кесипкөй гезит чыгарууга жетишкен мындай редакторлор бар. Алардын катарына Александр Кимди, Мелис Эшимкановду тартынбай атаса болот. Ал эми гезиттерден «Асаба», «Моя Столица», «Слово Кыргызстана» өлкөдөгү гезиттердин алды.
Ошондой болсо да, борбордон чыгуучу гезиттердин аймактык гезиттер менен бирдей башын ооруткан олуттуу маселелердин бири – гезиттердин техникалык сапаты. Башкы редакторлордун бул маселени чечүүгө күзүндө ишке кирери күтүлүп жаткан көз карандысыз басма үйү көмөктөшөт деген үмүттөрү бар. «Фридом хаус» уюму ишке ашырып жаткан АКШнын бул долбоорунун директору Майк Стоундун пикиринче, Басма үйү акы төлөгөн бардык маалымат каражаттарын чыгарууга даяр.Бирок, өтө кымбат эмес баада кызмат көрсөтүүнү убада кылып жаткан Басма үйү президенттик жана парламенттик шайлоо компанияларынын алдында баа саясатын өзгөртүшү ыктымал, дешет айрым журналисттер.
«Фридом хаус» уюмунун Кыргызстандагы дагы бир өкүлү Стюарт Кандын оюнча, Кыргызстандын маалымат каражаттарында сөз эркиндигине байланышкан проблема бар. Бирок, мындай көз карашты мамлекеттик «Кабар» агенттигинин директору Кубан Табалдиев колдогон жок:
-«Фридом Хаус» Кыргызстан эле эмес, мурдагы Советтер Союзунун аймагы да сөз эркиндигине жетише элек деген маалыматты айтып атат. Чындап караганда, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы эле айырманы алып көрөлүчү, кимде сөз эркиндиги бар, кимде жок? Бул жагынан алганда, алардын көз карашы өтө эле субъективдүү болуп атат.
Ал эми «МСН» гезитинин редактору Александр Кимдин пикиринче: «Көз карандысыз маалымат каражаттарына карата азыркы мамлекеттик саясат эркин прессанын жашашына жол бербейт». Мындай пикирин ал конференцияда президенттик кызматка ыктаган маалымат борборлорунун бири тарабынан көтөрүлгөн «Медиа кеңеш» түзүү демилге менен байланыштырды.
Конференцияга катышкан «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын президенти Эдил Байсалов Кыргызстанда прессанын ролу төмөндөп баратканын белгилейт:
- Биздин бийлик коомдук пикирге көңүл бурбайт. Менин оюмча, бизде коомдук пикир деген институт жок. Ошон үчүн биздин прессанын абалы төмөн болуп баратат.
XS
SM
MD
LG