Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:55

ӨКМӨТТҮН ЭКИНЧИ ЖАРЫМ ЖЫЛДАН ҮМҮТҮ ЧОҢ


Сапар Орозбаков, Бишкек Бейшемби күнү өкмөт өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсүнүн 1-жарым жылдык жыйынтыгын чыгарды. Өкмөт жыйынында айтылганга караганда, быйыл 6 ай ичинде ички дүң продуктунун өсүш темпи 2,3% түздү. Премьер-министр Николай Танаев муну жетишсиз деп, калган 6 ай ичинде абалды оңдоп, жыл аягына чейин бул көрсөткүчтү 6,5-7% жеткирүүнү өкмөт мүчөлөрүнөн талап кылды.

Айыл чарба продукцияларына кошулган наркка салыктын киргизилишине байланыштуу быйыл инфляция жогору болуп, 4% жетет деп болжолдонгон болчу. Финансы министри Болот Абильдаевдин өкмөт жыйынында берген маалыматына караганда, баалар анчалык деле өспөптүр. Быйылкы 6 айдын ичинде инфляциянын деңгээли 2,5% түзүп, жакшы болду деп эептелген өткөн жылдын көрсөткүчү менен салыштырганда да аз болуп чыккан. Министр баанын өсүү тенденциясын сомдун курсунун жогорулашы кармап калды деп түшүндүрдү. Болот Абильдаевдин айтымында, сомдун девальвациясы ошол эле мезгилде экспортко терс таасир тийгизген. Алгачкы 5 айдын жыйынтыгы боюнча экспорт 200 млн. долларды түзүп, 4,6% өскөн. Бирок алтынды кошпогондо ал 0,9% азайган. Ал эми импорт болсо экспорттон тезирээк, б.а. 6,9% өскөн. Натыйжада өлкөнүн тышкы соода балансынын тартыштыгы 41,7 млн долларга жетип, өткөн жылга салыштырмалуу өсүп кеткен.

- Биринчи жарым жылдыкта ички дүң продуктынын номиналдуу көлөмү 29,5 млрд сомду түздү. Ал реалдуу темп менен алганда 2,3% өстү. Кумтөр кенин кошпогондо өсүш 4,3% түзүп, андан да жогору болду. Ошого карабай жакырчылыкты кыскартуунун улуттук стратегиясында белгиленген 5% салыштырганда бул экономикалык өсүштүн басаңдашы олууттуу кооптонууну туудурат, - деди Болот Абильдаев. Министр ички дүң продуктынын өсүш темпинин болжолдонгондон төмөн болуп чыгышын “Кумтөрдөгү” авариянын кесепети жана айыл чарба продукциянын аз өндүрүлүшү менен түшүндүрдү. Жыйында таратылган маалыматтарга караганда, быйыл айыл чарба пролдукциясы өткөн жылдын тиешелүү мезгили менен салыштырганда 3,4% аз өндүрүлгөн. Бирок бул өкмөттү анчалык деле тынчсыздандырбайт. Анткени “Кумтөр” кенинде алтын казуу иштери быйыл калыбына келет. Ошондой эле айыл чарба продукциясынын азайышы да убактылуу эле көрүнүш.


- Айыл чарбасында сезондуу көрүнүштөр көп болот. Айыл чарба продукциянын өсүш темпи 96,6% түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу төмөн болуп калды. Өзүңөргө белгилүү болгондой, быйыл жаз 20-25 күн кеч келди. Анын үстүндө жаан-чачын көбүрөөк болуп, өсүмдүктөрдүн бышып- жетилүүсү кечигип жатат. Бирок жыйым-теримдин алгачкы жыйынтыктары боюнча дан эгиндердин түшүмдүүлүгү 2-2,3 центнерге жогору болуп жатат. Калган техникалык өсүмдүктөр да жаман эмес. Биз жыл аягында айыл чарба продукциянын өсүш темпин болбой калды дегенде эле 3,5% жеткиребиз. А эгерде баардык резервди пайдаланып, жергиликтүү бийликтер жана дыйкандар менен бирге аракет кылсак, азыр эле премьер айткандай, өсүш 5,5-6% болот, - деди айыл жана суу чарба министри Александр Костюк. Ошондуктан премьер-министр өкмөттүн ишине тоскоол болуп жатат деп буларды эмес, табигий кырсыктарды атады.

- Үстүбүздөгү жыл мурдагыдай эле катаал болду. Өткөн жылы саясий абал тоскоол болду эле, быйыл болсо табигий кырсыктар тоскоол болуп жатат, - деди Николай Танаев.

Өкмөт башчынын айтымында, табигый кырсыктардын кесепетин жоюуга быйыл бюджеттен 500 млн. сом бөлүндү. Бул бюджеттин тартыштыгынын өсүшүнө алып келди. Бюджеттин дефицити план боюнча 4,7% болуш керек болсо, биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча ал 5,6% түздү. Бирок, буларга карабай премьер-министр оптимисттик маанайда. Анткени биринчи жарым жылдыкта экономикага терс таасир берген 2 фактор экинчи жарым жылдыкта , тескерисинче, ички дүң продуктынын өсүү темпинин кескин жогорулашын шарттайт. Премьер-министр жыл аягында ички дүң продуктынын өсүш темпи индикативик пландан да жогору болуп, бюджетке акчанын түшүшү көбөйөт деп эсептейт. Ал бюджетти корголгон да, корголбогон да статьялары боюнча аткаруу керек экендигин өкмөт мүчөлөрүнө бир нече жолу эскертти.

- Биздин милдет жыл аягында 6,5%-7% чыгышыбыз керек. Ошону менен бирге биз бюджеттин чыгаша бөлүгүн 100% аткарышыбыз керек. Киреше бөлүгүн аткаруу керек экени өзүнөн- өзү түшүнүктүү. Чыгаша бөлүгүн да аткарышыбыз керек. Элге берчү акчаны беришибиз зарыл, - деди Николай Танаев.

XS
SM
MD
LG