Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:49

Айданбек Акмат уулу, Прага Түндүк Корея АКШнын сунушуна көнүп, өзөктүк куралы боюнча көп тараптуу сүйлөшүүлөргө барарын билдирүүдө. Буга чейин Пхеньян бул маселени Вашингтон менен жекеме-жеке сүйлөшүүлөр аркылуу гана чечүү ниетинен тайбай келген. Түндүк Кореянын позициясынын өзгөрүшү жакын коңшуларынын санаркоосун азайтты.

2001-жылкы АКШдагы террордук актыдан кийин Иран, Ирак жана Түндүк Корея «карасанатай» мамлекеттер тизмесине киргизилген. Бул мамлекеттердин үчөө тең массалык кыргын салуучу курал иштеп чыгууга аракеттенип жатат деп шектелген. Мына ушундай шек менен Ирак согушу ачылды. Тегеранга эл аралык коомчулуктун басымы күчөп, ал өзөктүк мекеме-ишканаларын текшерүүгө Өзөктүк энергия боюнча эл аралык агенттикке уруксат берди.

Бирок Түндүк Корея эч кандай эл аралык баш ийбей, «Корея жарым аралындагы кризисти АКШ жаратты, ошондуктан аны Вашингтон менен гана талкуулайбыз» дегендей позицияны карманып алышты. Эки тараптын мамилеси өткөн жылдын октябрь айынан тарта ого бетер курчуду. Ал мезгилде Пхеньян өзөктүк куралга ээ болуу программасын турмушка ашырууга активдүү киришип, өлкөдөгү эл аралык байкоочуларды чыгарып жиберген.

Вашингтон бул абалдан чыгуу үчүн 6 мамлекеттин - Америка, Жапония, Кытай, Орусия, Түштүк Корея жана Түндүк Кореянын өзүнүн катышуусу менен сүйлөшүүлөрдү баштоону сунуштаган. Ушул кезге чейин мындай көп тараптуу сүйлөшүүлөрдөн баш тартып келген Түндүк Корея бейшемби түнү АКШнын планы боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоого макулдугун билдиргендигин Вашингтон кабарлады.

Түндүк Кореянын Орусиядагы элчиси Пак Ы Чун да көп тараптуу сүйлөшүүлөргө Пхеньяндын макулдугун маалымдаган. Москва өз кезегинде Пхеньяндын мындай кадамын кубаттаган.

Ал эми Түштүк Кореянын тышкы иштер министри жума күнү Пхеньянын көп тараптуу сүйлөшүүлөргө бараарын ырастады.

АКШнын мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Ричард Баучер бейшемби күнү буга карата мындай деген эле: ”Эмне демекчибиз, эгерде Түндүк Корея көп тараптуу сүйлөшүүлөр тууралуу биздин сунушту кабыл алса, биз аны колдойбуз, абдан колдойбуз.” Бирок Баучер бул сүйлөшүүлөр качан жана каерде болорун айткан эмес.

Түндүк Кореянын көп тараптуу сүйлөшүүлөргө көнүшү тууралуу адистер ар кыл пикирлерди айтып жатат. Алардын бири Гавайадагы Тынч океян-Азия коопсуздук борборунун профессору Александр Мансуров, Пхеньяндын көнүүсү үчүн Москванын таасири олуттуу болду дейт. Мансуровду айтымында, Путин менен Ким Чен Ирдин мамилеси жакшы. Муну Ким Чен Ирдин өткөн жылы поезд менен Орусияны кыдыруусу да далилдеп турат. Ал эми эки мамлекеттин дипломаттары өткөн жумаларда байланыштарын абдан күчөттү:

- Путин менен Ким Чен Ир үч жылдан бери абдан ынак болуп, жакындашты. АКШ Түндүк Корея маселесин Кытай аркылуу чечүүгө аракеттенип жатканда, Путин Ким Чен Ир менен тынымсыз кат алышып, аны көп тараптуу сүйлөшүүлөргө макул болууга үндөгөн.

Анын пикиринде Түндүк Корея Кытайга ишене бербейт. Ал эми Орусиянын позициясын өзүнүкүнө жакын деп эсептейт. Ошондуктан Пхеньян көп тараптуу сүйлөшүүгө Москва кошулушу керектигин жактап чыгууда.

Кээ бир эксперттер Түндүк Кореянын көп тараптуу сүйлөшүүгө көнүшү АКШдагы президенттик шайлоонун жакындашы менен да түшүндүрүүдө. Филаделфиядагы Америка-Корея институтунун эксперти Саң Жу Кимдин пикиринде, Корея кризиси «күчтүү жигиттердин карта оюнун» элестетет. Пхеньян бир жагынан президент Буш экинчи мөөнөткө шайлангандан кийин «карасанатай» мамлекеттердин тизмесиндеги Түндүк Кореяга чабуул коюу ыктымалдыгы артаарынан чочулайт. Анткени анда Буштун кезектеги шайлоону ойлобой Түндүк Корея маселесин күч менен чечүүгө кириши ыктымал.
Ал эми келерки жылкы шайлоодо Буштун кайрадан шайланышы үчүн расмий Вашингтон учурда баарын жүзөгө ашырат. Ал үчүн Корей Жарым аралында тынчтык керек болсо, ал жасалат. Ошондуктан айтыла баштаган көп тараптуу сүйлөшүлөрдө Вашингтон Пхеньян менен «кол салбоо келишимине» колл коюуга барышы ажеп эмес.
XS
SM
MD
LG