Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:04

«АТАҢДАН БОТО КАЛБАСЫН, БАТА КАЛСЫН»


Кабарчыбыз Балбай Алагушовдун белгилүү журналист, жазуучу, жакында «Бийиктик» басылмасынан жарык көргөн «Ак бата» аттуу жыйнактын түзүүчүлөрүнүн бири Чоюн Өмүралиев менен болгон баарлашуусу.

Байыртан эле ар бир кыргыздын күнүгө ичкен тамагы, атырган ак таңы бата менен башталып, кеч кирткен күнү да бата менен аяктаган. Бата арабдардын фатиха- кыргызча тилек, башталыш деген сөзүнөн алынган. Батанын тилеги ак болгон. Ал ар бир кыргыздын жан дүйнөсүнө бакыт-таалай, узун өмүр берүүчү, ырыс-кешик алып келүүчү касиеттүү кут (жандооч) катары жашап келет. Ошондуктан, күнүмдүк турмуш менен бирге жашап, бирге өмүр сүрүүдө. Алсак, бата ак дасторкондун кашында, наристе төрөлгөндө, бешикке бөлөнгөндө, тушоосу кесилгенде, уул үйлөнүп, кыз турмушка чыкканда, эр жигиттер жоо бетине аттанганда, алыска сапар жүргөндө, жер айдап, үрөн сепкенде, жаңы түшүм жыйнаарда, көч көчкөндө, жаңы журтка конгондо, бүтүндөй калкка жакшылык алып келе турган улуу иштер башталганда, жаратылыштан жардам сураганда ж.б. мезгилде бата муундан-муунга, ооздон-оозго ѳтүп, кут катары тутулуп келген. Ушундан улам кыргыз тилинде «бата ал», «бата бер», «батадан бүткөн баламсың», «арбак бата», «ак бата», «терс (тескери) бата», «Сизди ак бата, кызыл канга коёбуз», «атасында бата жок», «батаң бөлөк», «баталаш» деген канаттуу накыл кептер да айтылып калган. Ошентип, алар теңир тараткан кыргыздардын тегинен тартып, бүгүнкү күнгө чейин уланып-куралып, ардактала айтыла эл оозунда, кагаз бетинде жашап келүүдө.

Эл менен кандаш-жандаш жашаган батаны сүйлөгөндөрү мураа болгон, таңды аппак атырып, күлкүлөрү менен күн батырган сөз баккан касиеттүү улуу инсандар чыгарышкан. Алардын берген баталары калк арасына желе жорткон желдей тараган. Алар бара-бара элдик түбөлүктүү кенчке айланган. Тилекке каршы, тоталитардык доордо, бүгүн да абалкы бабалар беришкен ак баталар түп нускасында айтылбай дымырап дымып келет. Аксакалдарын жайкалткан карыялар, ак элечекчен байбичелер да бата бергенди, жаштар бата тилегенди билишпейт.

Жашоодогу ушундай чоң өксүктү жоюу, байыркы баталарды жандандыруу, калыбына келтирүү максатында эл жазуучусу Кеңеш Жусупов менен журналист Чоюн Өмүралиев 12 басма табак көлөмдөгү «Ак бата» аттуу жыйнакты түзүшүп, жакында окурмандарга тартуулашты. Ал «Бийиктик» басмасынан басылып чыкты. Бул баалуу саамалыктын түзчүүлөрүнүн бири - Өмүралиев Чоюн мырзаны кепке тарттым.

Ч.Өмүралиев: - Бул жыйнактын түзүлүшүнө, жарык көрүшүнө эң башкы демилгечи эл жазуучусу Кеңеш Жусупов болду. Ал кыргыз элине аттын кашкасындай белгилүү жазуучу. Экөөбүз биргелешип, акылдашып жыйнакты түздүк. Өзүңүз жакшы билгендей, менин өмүрүмдүн, чыгармачылыгымдын көбү журналисттик кесип менен өттү. Айыл арасына чыкканда, элди аралаганда ар кандай курактагы, кесиптеги адамдардын ооздорунан оозеки чыгармачылыктын кооз үлгүлөрүн, ошонун ичинде баталарды да чогултуп жүрдүм. Кеңеш аба болсо жыйнакка өзүнүн жана Кытайдагы кыргыздардан жыйнаган баталарды кошту. Ошентип, «Ак бата» аттуу жыйнакты түздүк.

- Чоюн мырза, кечиресиз, сөзүңүз оозуңузда. Жыйнакты кандай түрлөргө, жанрга бөлүп түздүңүздөр?

- Жыйнакты Кеңеш аба менен акылдашып отуруп тогуз бапка бөлдүк. Ар биринин мазмундарына жараша жалпы ат койдук. Кыргыздар тогуз деген санды ыйык тутарын өзүңүз жакшы билесиз. Алсак, элибиз тогуздап тартуу тартат. Тогуздап кун төлөйт, тогуздап байге саят. Баса, Тоголок Молдо, Абылкасымдай санжырачылардын айтымында, Кыргыз атабыз Угуз кандан кийинки тогузунчу хан экен. Ал болсо «Тогуз» деген сан менин урук-журтума салт расими ыйык болуп калсын» деп чоң той берип, осуятын калтырыптыр. Мына ушул салтты тута отуруп жыйнакты тогуз бапка бөлдүк. Алар «Байыркы бата, «Айтым, тилөө, салт бата», «Тилөө. Көпчүлүккө, карыларга бата», «Үй ээсине, дасторконго, тойго бата», «Куда, жек-жааттарга бата», «Жаш жубайларга бата», «Уул кыздарга бата», «Эр жигитке жана сапар бата», «Дааналардын батасы» деген баптарга бөлүндү.

-Чоюн мырза, баарлашуубуздун соңунда жыйнакка кирген баталардан окурмандарга бир-эки шиңгил тааныштыра кетсеңиз.

- Жарайт. Анда куда, жек-жааттарга берилген батадан окуп берейин.
Бизге тарткан башыңыз.
Узак болсун жашыңыз.
Бизге тарткан жамбашың, -
Аман болсун мал, башың.
Бизге тарткан омурткаң.
Аман болсун колуктуң.
Бизге тарткан жилигиң -
Өнүп- өссүн түлүгүң.
Бизге тарткан кабыргаң-
Айырбасын жакындан.
Бизге тарткан куйругуң –
Туурда шаңшып туйгунуң.
Кермеңде ат туйлап,
Кемибесин бийлигиң
Оомийин!
XS
SM
MD
LG