Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:47

Глобалдык фонд менен кыргыз өкмөтүнүн ортосунда макулдашууга кол коюлду


БИШКЕК. 1-августта СПИД, кургак учук жана безгек ооруларына каршы күрөшүү боюнча Глобалдык дүйнөлүк фонд менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы гранттык макулдашуулар жөнүндөгү протоколго кол коюлду. Ага премьер-министр Николай Танаев жана Глобалдык фонддун КМШ өкөлөрүндөгү программаларынын жетекчиси Валерий Чернявский кол койду. Макулдашууга ылайык Глобалдык фонд тарабынан Кыргызстанга берилген каржылык жардамдар СПИД, кургак учук жана безгек ооруларына каршы күрөшүүгө арналган мамлекеттик программаларды тшке ашырууга, бул илдеттерди алдын алуу багытындагы иш-чараларды жүргүзүүгө жумшалат. Үстүбүздөгү жылдын 1-августуна карата республикада 432 адам СПИД оорусу менен катталган. Алардын ичинен 361- Кыргызстандын атуулдары. Республиканын кургак учук боюнча илимий-изилдөө институтунан алынган маалымат боюнча, Кыргызстанда кургак учук илдетинин тарашы өзгөчө акыркы 5 жылдын ичинде күч алды. Бүгүнкү күңдө өлкөнүн 100 миң калкына кургак учук оорусуна кабылган 126адам туура келет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG