Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:18

Казакстан менен Кыргызстандын Улуттук банк төрагаларынын маалымат жыйыны


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстандын улуттук банк төрагасы Улан Сарбанов менен Казакстандын улуттук банк төрагасы Григорий Марченко «АКИпресс» агенттигинде маалымат жыйынын өткөрүшүп, эки мамлекеттин банк системасынын өнүгүшүнүн окшоштуктары жана айырмасы боюнча маселелерге токтолушту. Григорий Марченконун билдиришинче, Кыргызстандын улуттук банкынын эркиндиги чектелүү жана бул - банк секторунун өнүгүүсүнө тоскоолдук кылууда. Григорий Марченко өкмөттүн кепилдиги менен «Кыргызалтын» жана «Жибек жолу» акционердик коомдору үчүн алынган карыздарды кайтаруу милдетин Кыргыз улуттук банкы мойнуна алганын айтты. Казак улуттук банк төрагасы казак депутаттарынын арасында Кыргызстандыкына окшоп коммерциялык банкка жетекчилик кылган депутаттар жок, бул улуттук банктын көзкарандысыздыгы үчүн чоң мааниге ээ, - деп билдирди. Марченко Казакстандагы ар бир банктын капиталы орто эсеп менен 37,7 млн долларга барабар, ал эми Кыргызстанда бул көрсөткүч 2,3 млн. доллар гана. Кыргызстандын банктарында киши башына эсептегенде 5 доллар акча сакталат, Казакстанда бул көрсөткүч - 133 доллар. Григорий Марченко Казакстанда калктын банктарга болгон ишеними Кыргызстандыкына караганда 9 эсеге жогору экендигин айтты.

Казакстанда 1993-жылы 230 банк бар болчу, учурда республикада 33 коммерциялык, 2 мамлекеттик банк иштөөдө. Кыргызстандагы банктардын саны -

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG