Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:04

Шанхай кызматташтык уюмунун бюджети сентябрда кабыл алынат


БИШКЕК. Кыргызстан тышкы иштер министринин орунбасары, Шанхай кызматташтык уюму боюнча улуттук координатор Асанбек Осмоналиев уюмдун улуттук координаторлорунун 29-31-июлдагы Алматы кеңешинин жыйынтыгы тууралуу: «Шанхай кызматташтык уюмунун бюджетинин чыгымынын көбүн Кытай менен Орусия, андан азырак бөлүгүн Казакстан, анан Өзбекстан жана чыгымдын калган бөлүгүн Кыргызстан менен Тажикстан көтөрөөрү тууралуу алдын-ала макулдашууга келдик», - деп 1-августта «Азаттык» радиосуна билдирди
«Бул ирет уюмдун финансист-эксперттери чогулуп, уюмдун бюджетин иштеп чыгууга киришти жана бюджеттин долбоору даяр болгондон кийин ал уюмга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин 22-23-сентябрда Пекинде өтө турган отурумунда бекитилет», - дейт Асанбек Осмоналиев.

Алматы жолугушуусунда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин сентябрдын биринчи жарымында Ташкенде өтчү жолугушуусунун жана мамлекет башчыларынын сентябрдагы Пекинде өтөр жыйынында каралчу маселелер такталды. Асанбек Осмоналиевдин айтымында, Пекиндеги жолугушууда мамлекет башчылары «Көп тараптуу соода-экономикалык кызматташуунун программасы» деген документке кол коюшмакчы жана Алматы жыйынында ал документ талкууга алынып, алымча-кошумчаланды. Улуттук координаторлордун жыйынында уюмдун Пекинде ачылчу секретариатын жана Бишкекте ачыла турган антитеррордук борборунун кызматкерлеринин саны жана аларды каржылоо боюнча маселелер да каралды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG