Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:12

ОПЕКА мунай өндүрүүнүн мурунку чегин жактырды


Мунай кендерин иштетип жана сатуучу мамлекеттердин уюму – ОПЕКАга мүчө мамлекеттердин мунай өндүрүшү боюнча министрлери күнүнө 24 жарым миллион мунай өндүрүлсүн деген мурунку чекти сакталсын деген чечимге келишти. Уюмдун жетекчиси Абдулла ал-Аттиянын айтымында, мындай чечимди кабыл алууга Ирактын мунайынын мурда белгиленген өлчөмдөн аз иштетилип жаткандыгы түрткү болду. ОПЕКАнын эмки жыйыны сентябрь айында болот. Ошондо Ирактагы мунай кендеринин иштетилишине жараша дүйнөлүк мунай өндүрүш көлөмүн азайтуу чечими кабыл алынышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG