Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:33

ХАСБУЛАТОВ ЧЕЧЕН ПРЕЗИДЕНТТИГИ ҮЧҮН АТ САЛЫШМАКЧЫ


Орусиянын парламентинин мурдагы спикери Руслан Хасбулатов Чеченстандагы күзүндө өтүүчү президенттик шайлоого талапкердигин койоорун айтты. Айрым адистер шайлоого он бештей талапкер катышуусу мүмкүн деп билдиришүүдө. Эмесе, Хасбулатовдун саясий бейнеси жана чечен шайлоосу тууралуу азыноолак кеп куралы.

Руслан Имранович Хасбулатов 1942-жылы туулган. Сталинизм доорунда Борбор Азияга күч менен айдалган кавказдык бир катар элдердин балдарындай эле, ал да бала чагын Борбор Азияда, тагыраак айтканда, Казакстанда өткөргөн. Экономист окумуштуу 1990-жылы Орусия Федерациясынын Жогорку Кеңешине депутаттыкка шайланып, кийинки жылы парламент спикери болуп калган. Эскичил коммунисттер жумурият президенти Борис Ельцинге каршы чыккан чакта, ал Ельциндин ырааттуу жактоочуларынан болгон. Бирок өлкө эгемендигин алган соң, эки жетекчи бири-биринен айырмалуу саясатты тута баштады. Ельциндин экономикалык саясатына ичи бышпаган Хасбулатов вице-президент Александр Руцкойдун тарабын тутту. Парламент Ельцинди кызматтан алуу аракетин жасаганда, 1993-жылы аткаруу бийлиги орус парламентин танк менен “жоошутуп”, Хасбулатов бир нече айга абакка да түшкөн.

Хасбулатов 1994-жылы абактан чыккан соң, Чеченстан саясатына жигердүү аралашып, аймактын Орусияда кала беришин, бирок кеңири автономиялуу укуктарды алуусу керектигин жактап чыккан.

Анын аймак тууралуу көз карашы экинчи чечен согушунун маалында кескин өзгөргөнү тууралуу айтылып келет. Хасублатов өзү да июнь айында кесиптешибиз Амирбек Аззам уулу менен маек куруп, азыркы президент Владимир Путинге өтө терс баасын берген:

- Путин көз каранды эмес саясатчыга деле жатпайт. Ал – суу жүрөк киши, өзүн ишенимдүү алып жүрө албаган киши. Ал аскер жетекчилигинин өтө кубаттуу таасири алдында турат. Аскер жетекчилиги үчүн болсо – бул согуш өтө пайдалуу.

Хасбулатовдун оюнча, Чеченстан маселесин тынч жол менен чечүү үчүн аймакка өтө кеңири автономиялык ыйгарым укуктарды берүү абзел. Путин сунуш кылган долбоорду ал туңгуюкка кептей турган жол деп атаган. Ошого карабастан, июлдун 31инде ал “Азаттыктын” Түндүк Кавказ кызматына берген маегинде алдыдагы президенттик шайлоого талапкер катары ат салышаарын айтты:

- Абдан көп кишилер мага келүүдө, кат жазышууда. Алар алдыдагы шайлоого катышып берүүмдү суранышууда. “Сиз гана турмушубузду жеңилдете аласыз” деп кайрылышууда. Эмне үчүн мен бул кайрылууларга “макул” деп жооп берүүнү чечтим? Биринчиден, мен кудай алдында өз парызымды аткарышым керек. Экинчиден, мен тар жол, тайгак кечүүдө азап чеккен элиме кызмат кылышым керек.

Айрым адистердин пикирине караганда, Хасбулатовду интеллигенция дурус колдойт, бирок эки согуштун айынан билимдүү, алысты көрө билген адамдардын саны кескин суюлду, ал эми согуш кырдаалында жетилген жаш шайлоочулар Хасбулатов тууралуу дээрлик кабардар эмес.

Августтун 1инде президенттикке талапкерлерди партиялардын жана коомдук уюмдардын атынан сунуш кылуу мөөнөтү аяктады. Өзүн-өзү талапкердикке сунуш кылчулар үчүн августтун 20сына чейин дагы убакыт бар. Ал эми чечен жикчилери октябрь айына белгиленген президенттик шайлоону жана март айында өткөрүлгөн конституциялык референдумду саясий көз бойомолоочулук катары баалашууда.
XS
SM
MD
LG