Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:26

КАЗАКСТАНДЫН БАШ БАНКИРИ ДЕПУТАТТАРДЫН БАНКТАРГА ЭЭЛИК КЫЛЫШЫН ЖАКТАБАЙТ


1-августта Казакстандын улуттук банк төрагасы Григорий Марченко Бишкекке жумушчу иш сапары менен келди. Ушул эле күнү ал Кыргызстан улуттук банк төрагасы Улан Сарбанов менен бирге журналисттер үчүн маалымат жыйынын уюштурду. Төрагалар бул жыйында эки өлкөнүн банк системасындагы өсүштөргө жана проблемаларга анализ жасашты.

Борбор Азиядагы өнүгүү жана кызматташтык банкы кыргыз тараптын карызын төлөөрү күмөн. Мындай пикирин журналисттер менен баарлашуу учурунда Казакстандын улуттук банкынын төрагасы Григорий Марченко билдирди. Бул банк 1994-жылы Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан тараптардын макулдашууларына ылайык түзүлүп, анын 9 млн. доллар уставдык капиталынын 3 млн. долларын Кыргызстан кошкон. Бирок, учурда жоюлуп жаткан банктан аласасын өлкө качан алаары белгисиз. Анткени, Кыргызстан депозитинин эсебинен кредит алган ички компаниялар береселерин кайтара элек. Марченконун айтымында:

- Албетте. бул маселени териштирүү керектиги түшүнүктүү. Ошондой эле кыргыз фирмаларынын банктын кредитин кайтарары күмөн экени да белгилүү.

Марченконун Кыргызстанга иш сапары аласа-береселерге байланыштуу эмес экенин эки банктын төрагалары маалымат жыйынында ачыкташты. Алардын айтымында, Казак улуттук банк төрагасы Кыргызстанга тажрыйба алмашып, кызматташтыктын келечегин талдоо үчүн келген. Марченконун пикиринде, эки өлкөнүн банк реформасы бири–бирине окшош. Бирок, акыркы төрт жылда Казакстан экономикалык өсүш боюнча алда канча алдыга кетти.

1994-95-жылдары Кыргызстан макроэкономикалык жакшы көрсөткүчтөрү, улуттук валютанын туруктуулугу боюнча Казакстанга үлгү болгон. Азыр Кыргызстанды ал учур менен салыштырып болбойт. Казакстандын улуттук банкынын төрагасы финансылык сектордун жагдайынын начарлап кетишинин негизги себебин финансы тармагынын бийлик структураларынан көз карандылыгы менен байланыштырды:

- Финансы тармагында мындай жагдайдын түзүлүшүнө ириде борбордук банктын реалдуу көз карандылыгы таасир этүүдө.

Марченконун айтымында, мындай жагдай элге ишенимди жоготот. Ошондуктан, Казакстан мыйзамдары борбордук банктын мындай жагдайга тушугушуна жол бербейт.

- Кыргызстанда айрым депутаттардын коммерциялык банктарга ээлик кылышы бизге түшүнүксүз. Бизде мындай жок. Болушу да мүмкүн эмес. Болсо тиешелүу чаралар көрүлөт. Себеби, депутаттар мамлекеттик кызматчылар.

Марченконун айтымында, Казакстандын борбордук банкы өкмөттүн бюджетиндеги таңсыктыкты каржылабайт, шайлоолордун алдында пенсия, пособиелерди кенен-кесири төлөп берүүгө көмөктөшүү миссиясын аткарбайт. Ошол эле учурда Казакстандын мыйзамдары казак капиталынын башка өлкөлөргө инвестицияланышына тыюу салбайт, борбордук банк моралдык колдоо көрсөтөт. Бирок, тигил же бул өлкөнүн ички мыйзамдарына кайчы аракеттерди колдобойт.

Азыр Кыргызстанда Казакстандын бир катар банктары иштеп жатат. Марченконун айтымында, мындай банктар Кыргызстандан башка Орусиянын, Европанын бир катар аймактарында да иш алып барууда.

Ал эми улуттук банк төрагасы Улан Сарбанов Кыргызстандагы каржы, акча саясатын ар кыл популисттик билдирүүлөрдөн бийик коюп, ага өтө сергек мамиле жасабаса, чакан экономика жабыркап калышы ыктымал деген көз карашта:

- Чакан экономика он эсе көп иштеп, кырдаалды тыкыр талдап, сезгич болушу керек. Ансыз башка элдер ар дайым жакшы жашап, ар учур башка өлкөлөр менен жаман жактарды салыштырып калабыз.

Маалымат жыйынында журналисттер Казакстандын каржы саясатындагы ийгиликтерди анын байлыгы менен байланыштырышты. Марченконун оюнча, анын өлкөсү жараткан ийгиликти Кыргызстан деле жасай алат. Анткени, кошунасында газ, мунай болсо, Кыргызстанда электр энергиясы бар.

- Чет өлкөлүк инвесторлорду тартуу, тарифтердин туура системасын табуу, чет өлкөлүк базар талабын канагаттандыруу керек. Мунун баары туура жасалса, анда Кыргызстан Казакстан мунай менен газдан алган пайдадан кем табат деп ойлобойм.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG