Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:52

ӨКМӨТ ТҮЗ ЭФИРДЕ


Сапар Орозбаков, Бишкек Бейшемби күнү кечинде премьер-миистр Николай Танаев баштаган өкмөт мүчөлөрү адаттагыдай rыргыз телевидениесинде түз эфирге чыгып, үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында өкмөттүн жасаган иштери тууралуу маалымат беришти жана телекөрүүчүлөрдүн, журналисттердин суроолоруна жооп беришти.

Бу жолку түз эфирде табигий кырсыктарга, айыл чарбасына жана энергетика секторуна байланыштуу гана суроолор берилсин деген шарт коюлду. Ошондуктан элден көп деле суроо түшкөн жок. Суроолордун көпчүлүгүн массалык маалымат каражаттардын өкүлдөрү беришти. Быйыл жаан-чачын көп болуп, өлкөнүн түштүгүндө жана түндүктүн айрым жерлеринде жер көчүп, сел жүрүп жана жер алдындагы суунун деӈгээли көтөрүлүп, бардыгы болуп 500 жакын үй-бүлө үйсүз калган жана 12 мектеп жараксыз болгон. Премьер-министр Николай Танаевдин айтымында, үйсүз калган үй-бүлөлөргө жаӈы үй салып алууга жер бөлүндү жана алардын ар бирине 200 миӈ сомдон ссуда берилип жатат:

- Биз азыр 208 үй-бүлөнү ссуда менен камсыз кылдык. Эми жакынкы15 күндүн ичинде курулуш иштерин баштоо үчүн калган үй-бүлөлөргө ссуда беребиз. Биз аларды үй менен камсыз кыларыбызга принцибинде эч кандай күмөн жок.

Анын айтымында, бюджеттен бул үчүн 500 млн. сом бөлүндү. Журналисттер “эмне үчүн жооптуу адамдар жаратылыш кырсыктары боло турганын билишип, алдын ала чара көрүшкөн жок” жана “ошол учурда илээндилик кылган чиновниктерге азыр кандай жаза көрүлдү” деген суроо беришти.

- Биздин учурда илээндилик болгон эмес. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тарабынан пайда болгон коркунучка маани бербегендик болгон,- деди Николай Танаев.

Анан ал коркунучтуу зоналарда жашаган эл көчкүлө десе да көшөрүп болбой, көчпөйбүз деп кол коюп беришкендиктерин белгиледи. Анын айтымында, өлкө боюнча 20 миӈ үй-бүлө коркунучтуу зоналарда жашап, аларды ал жерлерден көчүрүп чыгуу зарыл. Жаратылыш кырсыктары болушу мумкүн деп болжолдонгон жерлерде экология жана өзгөчө кырдаал министрлиги такай көзөмөл жүргүзүүдө.

Айыл чарбасында болсо жыйым-терим жаӈы эле башталды. Жаз кеч келип, өсүмдүктөр өз убагында бышып-жетилбей жатканына карабай, быйыл айыл чарбасында түшүм мол болору күтүлүүдө. Үстүбүздөгү жылы дыйкандар дан эгиндеринин аянтын кыскартып, кирешени көп берген техникалык өсүмдүктөрдү көп өстүрүп жатышат. Быйыл өндүрүлгөн продукцияны сата албай убара тартуу болбойт.

- Эгин боюнча бул жылы анча деле кыйынчылык болбойт. Кант кызылча болсо кайра иштетилет. Пахтага баа бүгүн стабилдүү. Ал дүйнөлүк рынокто да стабилдүү болуп жатат. Тамеки бүтүн сатып алынат, ал боюнча проблема жок. Жашылча жаатында гана кичине маселе бар. Бирок биз аны чечебиз. Аны толук сатып алып, өткөрүүнүн үстүндө иш жүргүзөбүз, - деди айыл жана суу чарба министри Александр Костюк. Ал ошондой эле быйыл жыйым-терим убагында күйүүчү майдын баасы көтөрүлбөйт деп ишендирди.

Түз эфирдин энергетика маселесине арналган бөлүгүндө теле көрүүчүлөр жана журналисттер эмне себептен электр энергиясы айрым жерлерге берилбей жаткандыгына кызыгышты.

- Биз бул жылы өчүрөбүз. Ким төлөбөсө аёосуз өчүрөбүз. Энергияны бөлүштурүүчү компаниялар бир айдын ичинде энергияны пайдаланган эл жана ишканалардын баары менен келишим түзүшү керек. Бул, эгерде кимде ким төлөбөсө, кылмыш ишин козгоого мүмкүнчүлүк берет, - деди Николай Танаев.

Азыр элдин жана ишканалардын электр энергия үчүн карызы 2,7 млрд сомго жетти. Өкмөт башчы менен энергетика боюнча агенттиктин директору Уларбек Матеев быйыл электр энергиянын тарифи көтөрүлбөй тургандыгын билдиришти.

XS
SM
MD
LG