Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:45

ТУРСУНБАЙ БАКИР УУЛУ: «АКЫЙКАТЧЫГА ЖАРДАМ БЕРБЕСЕ ЭЛ АРАЛЫК ДЕҢГЭЭЛДЕ ЧАТАК БОЛОРУН ӨКМӨТ ЭМИ ТҮШҮНДҮ»


Чолпон Орозобекова, Бишкек http://gdb.rferl.org/269DB977-6F89-44C5-A22B-ADB24DDB91B4_w203.jpg Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу 1-августта журналисттерге маалымат жыйынын өткөрдү. Анын дарегине элден түшкөн арыздар, өзү кыдырып чыккан абактардагы адам укугунун тепселениши т ууралуу айтты. Акыйкатчынын айтымында, анын көзөмөлүндө төбө чачты тик тургузган фактылар бар. Турсунбай Бакир уулу жеке анын атына айтылган бир катар дооматтарга да жооп кайтарды.

Европанын парламенттик ассамблеясына катышканы барып Турсунбай мырза чет өлкөлөрдө жүрүп келди. Анын айтымында, бул сапарында ЕККУнун адам укугу боюнча бюросунун жетекчилигине акыбалды сүрөттөп, өкмөттөн жетиштүү жардам жок болгондуктан каражат караштырып бериңиз деп суранып келген. Эсиңиздедир, 16-июнда Турсунбай Бакир уулу журналисттерге акча жоктугунан Акыйкатчы институту жабылуу коркунучунда турганын билдирген. Бирок бу жолу Акыйкатчынын көңүлү жай экен. Премьер- министр Николай Танаев Акыйкатчы сураган каражаттын жарымынан көбүн бөлгөнгө кол койду. Акыйкатчынын баамында, Европарламенттин кеңеши кыргыз өкмөтү бул институтту колдошу керек деп рекомендация кылгандан кийин кыргыз өкмөтү каражат бөлүүгө баш койду.

- Кыргыз өкмөтү Акыйкатчыга жардам бербесе Кыргызстандын ичинде гана эмес, эларалык деңгээлде чатак болуп кетерин эми түшүндү. Кечээ премьер–министр Николай Танаев каражат берүү тууралуу катыма кол коюп берди. Ага чейин каржы министри Болот Абилдаев да эгер өкмөт башчысы кол койсо дароо каражат бөлөрүн айткан эле. Кудайга шүгүр, эми толук кандуу иштегенге, арыз- дооматтардын изи менен иш сапарына барганга шарт болот,- дейт Турсунбай мырза.

Башында Акыйкатчы кеңсесинин толук кандуу иштеши үчүн мамлекеттен 29 миллион сом сураган. Алгач берилген 4 миллион сомду короткондон кийин жабылуу алдында турабыз деп коңгуроо кагып чыккан. Эми өкмөт 15 миллион сом бөлгөнгө макул болду. Акыйкатчы чындап иштегенге шарт түзүлөрүн айтып, ар бир арызданган адамды жоопсуз калтырбайбыз деп ишендирди.

Акыйкатчы республиканын кайсы аймагына барса да абактарга жана милициянын шектүүлөрдү убактылуу кармаган жайына сөзсүз баш багат. Анын пикиринде, абактарда адам укугун тепселеген көрүнүштөр арбын. Мисалы, Балыкчыда акыл-эси кем оорукчан адамды башкалар менен чогуу камап коюшкан. Оштогу абакта болсо адам чыдагыс акыбал. Жада калса дааратканасы жок, терезелеринде сөөмөйдөй тешик жана төрт кишилик орунда он чактысы тыгылып отурушат. Тоң районундук ички иштер бөлүмү кармап жаткан 12 адамдын жарымынан көбүнө соттон чечим эчак чыкса да, колонияларга которулган эмес. Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн камераларындагы шектүүлөрдүн көбү адвокат жалдаган эмес. Ошондой эле жок дегенде бир маал ысык тамак да ичишпейт.

Турсунбай мырза журналисттердин көзүнчө Ош шаарындагы тергөө изоляторунда күтүп аткан өз кызматкерлерине телефон чалды. Алар аркылуу он күндөн бери ачкачылык кармап аткан милициянын мурдагы эки кызматкери менен сүйлөштү. Алты айдан бери камакта жаткан бул эки адам тергөө акыйкат жүрбөй атканын жана ак жерден караланып атышканын билдиришкен. Аларга Каракулжа ички иштер бөлүмүндө иштеп турган кезинде шектүү катары кармалган адамды сабап өлтүрүштү деген күнөө коюлууда. Акыйкатчы убадасы боюнча журналисттерге алардын иши тууралуу маалымат берди. Андан кийин телефондон Ош тергөө изоляторунда ачкачылык кармагандардан «саламаттыгыңарды тилеп, бүгүндөн баштап ачкачылыкты токтоткула» деп суранды.

- Мен өз убадама туруп, мына азыр эле «Акипресс» маалымат агенттигинде журналисттерге силердин ишиңер тууралуу маалымат берип, силердин үнүңөрдү жеткирдим. Эми силер да убадаңарга туруп, ачкачылыкты токтоткула. Ансыз да алты айдан бери камактасыңар, ачкачылык саламаттыгыңар үчүн өтө кооптуу.

Маалымат жыйынынын соңунда Акыйкатчы буга чейин топтолгон элдин эмес, жеке өзүнүн дооматтарын, таарынычын жарыя кылды. Мисалы, «Агым» гезити мамлекеттин эсебинен чет мамлекеттерде чапкылап жүрөт деп жазган. Акыйкатчынын айтымында, ал мурунку депутат кездегиден чет жакка эми аз чыгып калды. Депутат кезде чет мамлекеттерге өзүнүн достору жана эларалык байланыштары аркылуу көп чыкчу. Азыр эми тажрыйба бөлүшүп алака түзөлү десе Акыйкатчы институту айрым өлкөлөрдө жок, анын үстүнө андай тажрыйба алмашууга каражат тартыш.
XS
SM
MD
LG