Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:59

ЖУРНАЛИСТТЕР МАСИЛЕТИ, МАҢКУРТ ТИЛИ, БАШКАЛААНЫН БОЛОЧОГУ


Аптанын эки күнүн кыргыз журналисттери чыгармачылык маселелерин арай көз чарай олтуруп талкуулоого арнады. Масилетке жергиликтүү маалымат каражаттарынын кызматкерлери, эл аралык уюмдардан, чет өлкөлөрдөн өкүлдөр чогулуп, кесипке байланышкан проблемалардын тегерегинде ой калчашты. Жыйында айтылган кеп-сөздөрдүн көбү ушу тапта кыргыз басылмаларында комментарийге алынууда. Өлкөдөгү белгилүү инсандардын бир тобу башкалаанын башкы планын чийүүнү сунуш кылышты. Кыргыз тили түшүнүксүз аргын тилге айланып баратканы, кыргыз журналисттери менен интеллигенттери улут таберигинин айласын кетирип атканы да сөзгө алынууда.

: «Оболу сөз болгон» демекчи, кепти кыргыз тилинин азыркы аянычтуу абалына арналган материалдан баштайлы. Жума күнкү «МСН» гезити «Маңкурт тили» деген аталышта журналист Замир Өсөров менен Эсенбай Нурушевдин маегин жарыялады. ХХ кылымда адабий тилге айланып, профессионал адабият менен маданияттын мыкты үлгүлөрү жаралган кыргыз тили эгемендик тушунда түшүнүксүз аргын тилге айланып баратат. Эсенбай Нурушевдин ырасташынча, ушу таптагы кыргыздардын көпчүлүгүнүн сүйлөгөн сөзү ар кошкон тилдердин келегей сөздөрүнүн аралашмасынан чыккан, түшүнүксүз, тажатма сөзгө айланууда. «Эгер эне тилге кайдыгер мамиле уланып, аны «аралашма тилге» айлантуу аракети токтолбосо, кыргыз тили ансыз да глобалдашуу коркунучу баш бакканча эле жок болушу ыктымал», - дейт Эсенбай Нурушев.

Маалымат каражаттарынын биринчи республикалык конференциясында Кыргызстандын Медиа-кеңеши тууралуу жобо талкууга коюлган. Уюшулчу жаңы кеңеш маалымат каражаттарынын ишин жөнгө салуучу ыктыярдуу коомдук уюм болуп саналат. Жума күнкү «В конце недели» апталыгында жаңы кеңештин жобосунун тексти жарыяланды. Кийинки кездери басылмаларды сотко берүү тенденциясы күчөп, соттук миллиондогон айыппулдарды төлөй албай жабылып жаткан гезиттердин тагдырын ойлогон Медиа-кеңеш мындан ары ортодо чыккан жаңжалды ич ара жайгаруунун жолун издөөчү коомдук уюм болмокчу.

Бийлик менен басылманын чатагын жайкап, экөөнө ортомчу болгусу келген Медиа-кеңеш көжөлгөн журналисттердин башына тийчү таяк болоорун «МСН» гезити аркылуу Рина Приживойт эскертти. «Жаңы кеңеш гезит-журнал редакцияларынын эсебинен жашагысы келет», - деп белгилейт макала автору. Анын үстүнө жаңы кеңештин жобосу конференциянын катышуучуларына жыйын алдында гана таратылган. «Медиа-кеңеш бул жолу түзүлгөн жок, - деп жазат Рина Приживойт. – Азырынча гана. Аны уюштургусу келгендер ишти алдыга жылдырууга аракет кылаарында шек жок. Массалык маалымат каражаттары менен жөнгө келбес журналисттерди ийге салчу андай келтек бийликке сентябрга чейин керек».

Андай Медиа-кеңештин керектигин «В конце недели» апталыгында Вилор Акчурин жазып чыкты. «Эгер эркин басылмалардын ээленме журналисттери каршы чыкпаса жаңы кеңеш түзүлүп калмак, - деп маалымдайт макала автору. - Медиа кеңеш, талаш жок, журналисттерге керек. Түшкөн сунуштар менен долбоорлордун баары эле ирегеден четке кагылбадыбы. Ордуна иштиктүү сунуш деле айтылган жок».

Орусиялык маалымат алуунун эркиндиги комиссиясынын жетекчиси И.Дзялошинский «В конце недели» апталыгында жарыяланган макаласында «Медиа-кеңештин түзүлүшү бийлик менен маалымат каражаттарынын ортосундагы чатакты чече албайт» деп эсептейт. Анын пикиринде, маалымат каражаттарынын өз алдынча кызыкчылыктары бар, анткен менен алар сырткы кысымдан мыйзамдык негизде бекем корголгон эмес.

«Заман Кыргызстан» гезитинин жума күнкү санында «Акыйкат жана прогресс» партиясынын төрагасынын орун басары Абдыжапар Тагаев жаңы саясий түзүмдүн максат-милдеттерине токтолгон. Азыркы кыргыз коомунун жетишкендиги, жаңы партия жетекчисинин айтымында, аздыр-көптүр демократиянын бардыгында. Анткен менен, өлкө жакырчылыктын сазында калды, калктын 3-4% болгон байлыктын баарын ээлеп, көпчүлүк кедей бойдон калууда. А.Тагаев «Кыргызстан сырттан кредит алууга көп азгырылбай, ички мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланганы оң» деп эсептейт.

Бейөкмөт уюмдардын эмне үчүн түзүлгөнүнө апта соңундагы «Бишкек таймс» гезитинде Азамат Салиев кызыккан.

Кыргызстандын таанымал инсандарынын бир тобу президент менен Бишкек шаар башчысына «В конце недели» апталыгы аркылуу ачык кат жолдошкон. Анда ушу тапта Бишкек башкы планы жок өнүгүп жатканы айтылат. Шаарды курчаган жаңы айылдарда шаар куруу эрежелери сакталган эмес. Болжолдуу маалыматтарга ишенсек, ушу тапта шаарда 1 миллиондон ашуун эл жашайт. «Шаардын башкы планын иштеп чыгууга жергиликтүү адистердин чама-чаркы жетишпейт», деп жазышат ачык кат ээлери.
XS
SM
MD
LG