Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:14

«Ысыккөл - 2003» эл аралык фестивалы сентябрда өтөт


БИШКЕК. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына карата Билим берүү жана маданият министрлиги менен Ысыккөл мамлекеттик администрациясы «Ысыккөл - 2003» эл аралык эстрада фестивалын жана «Ырдайлы кыргыз ырларын» аттуу кароо-сынакты сентябрь айында өткөрө турган болду. Ага Орусия, АКШ, Индия, Түркия, Жапония мамлекеттеринин эстрада ырчыларынын катышуусу күтүлөт. Жылыга «Ысыккөл» эл аралык фестивалы август айында өткөрүлчү. Быйыл август айында Бишкекте Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына карата маданий иш-чаралар көп өткөрүлөт. Ошондуктан фестивалга байланыштуу иш-чара сентябрь айында өткөрүлөт. Фестивалдын баш байгесине 100 миң, 1-орунга 50 миң жана 2-орунга 25 миң сомдук акчалай сыйлык коюлду. Уюштуруу комитетинен алынган маалымат боюнча, эл аралык «Ысыккөл – 2003» эстрада фестивалы жана «Ырдайлы кыргыз ырларын» аттуу кароо-сынак 12-13-сентябрда Каракол шаарында, ал эми гала-концерт 14-сентябрда Чолпонатада өтөт.

Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Азиза Турдуева жана Аманбек Жапаров

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG